09 - декабрь 2014 14:31999 / Orozaly
0
2015-жылы Токтогул районунда жайыт маселеси көйгөйлүү маселеге айланбай турган болуп калды деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы. Анткени быйыл райондун борборунан 110 км. алыстыкта жайгашкан Толук айыл аймагына жакын кире беришинен жайлоо жайытына тоо ичи менен кеткен 14 км. жаңы жол бүткөрүлүп, 56 миң га. жайытты түзгөн Кичи-Суусамыр жайлоосуна автотранспорт каттай турган жол салынды.
--Буга чейин тоюту мол жана мал жайыты кенен болгон Кичи-Суусамыр жайлоосуна мал айдап чыгуу үчүн жана техникалар жүрүүчү жолдун болбогондугунан малчылар көп жылдардан бери жайлоого көчүп чыга албай келишкен. Быйылкы жылы жол салууга райондук атайын эсептен 6 млн. акча каражаты бөлүнүп, Кичи-Суусамыр жайлоосуна карай кеткен жана аралыгы 14 км. түзгөн атайын ички жайлоо жолу сүрүлүп, бүткөрүлдү. Эми райондун малчылары үчүн 56 миң га. аянтты түзгөн жана шиберлүү, ошондой эле кара малга, жылкылар менен койлорго жагымдуу келген бетеге-тулаңдуу жайлоо жайытына жол ачылды. Бул ишти турмушка ашырууга өз демилгелери менен чыгышкан Токтогулдук ишкер Жийдебек Түркменов өзүнүн жеке менчигиндеги бульдозёру менен тоо-таштуу жолду сүрсө. Торкент айыл аймагынын башчысы Мергенбай Кадыркулов күйүүчү май менен адам күчүнөн жардам көрсөттү,--дейт Токтогул районунун акими Токтосун Барманов.
Быйылкы жылы жаңыдан жол салынып ачылган Кичи-Суусамыр жайлоосуна 30га жакын малчылар чыгышты. Ал эми келерки 2015-жылы алардын саны 100дөн ашмакчы. Ошентип келээрки жылы Токтогул районунун малчылары үчүн жайыт маселеси көйгөйлүү маселеге айланбайт.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев