долбоорунун алкагында
депутаттар менен тыгыз
жолуга башташты
12.10.2013 15:12
Жусуп Баласагын атындагы
КУУда «Жаштык деми»
долбоорунун алкагында өткөн
кезектеги жолугушуу болду. Бул
ирет коноrко КРнын Жогорку
Кеңешинин КСДП
фракциясынын депутаты
Абдыманап Кутушев келди.
Ошондой эле Бишкектеги бир
катар ЖОЖдордун студенттери
катышышты. Жолугушуунун
жүрүшүндө жаштар депутат
менен бир катар маселелерди
талкуулап, негизги басым
“ийгиликтин ачкычы” деген
теманын тегерегинде болду. Өз
кезегинде депутат жаштар
тарабынан берилген
суроолорго ачык, айкын, так
жооп бергенге аракет кылды.
Жалпысынан жолугушуу 4
саатка созулуп, катталган
студенттердин саны 60тан
ашты.
Жыйынтыгында долбоордун
уюштуруучулары тарабынан
сунуштар айтылып күтүлгөндөй
депутат тараптан ал
сунуштарга колдоо табылды.
Натыйжасы болуп депутат
менен жолугушуу эмки жумада
ЖКда өтмөй болду. Ага
тандалып алынган 20дан ашык
активдүү студент катышат.
Ошону менен катар кийинки
жолугушуунун алкагында 20
студентке ЖКнын имаратына
экскурсия уюштуруу
пландалды.
Эскерте кетсек, “Жаштык деми-
Мекенибиздин келечеги
долбоору” 2012-жылдын
октябрь айынан тарта старт
алган. Долбоордун
уюштуруучулары улуттук
университеттин журналистика,
ошондой эле Тарых жана
чөлкөм таану факультетинин 4-
курсунун студенттери Мурат
Соорбеков, Бектур Базакечов.
Ал эми долбоорду
университеттин Жаштар
иштери боюшча комитети
колдоп, жолугушууну өткөрүүгө
көмөк көрсөттү. Долбоор өз
кезегинде төмөндөгү
максаттарды камтыйт,
Мекенибиздин өнүгүп, өсүшүн
өргө сүрөөгө өз салымын
кошкон белгилүү инсандар
менен келечек муундун
өкүлдөрүнүн ортосунда
байланыш түзүп кызматташууга
жол ачып берүү; Өлкөдөгү
болуп жаткан социалдык-
экономикалык жана саясий
абал тууралуу мамлекеттик,
коомдук ишмерлердин жана
экспетттердин көз карашын
жана ой пикирин угуу, ошону
менен бирге эле ал
маселелерди активдүү жаштар
менен биргеликте талкуулоо.
Нурайым Рысмамбетова,
"Кыргызстан бүгүн"
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев