заводу «Надир» кенин ит
бекер пайдаланып жатышат
12.07.2013 10:31
Кадамжайлыктар Сары-Талаа
айылындагы «Надир» темир
кен участкасынан «Даннур
Юг» (Араван цемент заводу)
жана Кызыл-Кыя ЮКЦ (Түштүк
Кыргыз Цемент) заводдору
цементке кошулуучу баалуу,
сейрек кездешүүчү таштарды
арзан баада ташып кетип
жатышканына нааразы болуп
чыгышты. Жергиликтүү
кеңештин депутаты,
жогорудагы маселе боюнча
түзүлгөн жергиликтүү
комиссиянын мүчөсү
А.Назаровдун айтымында
Кызыл-Кыя цемент заводу
2007-жылы ага берилген 7
гектар карьердин арендасына
4166 сом гана төлөп келсе,
«Даннур Юг» болсо өзүнө
бекитилген 18 гектар жерге
1250 сом эле берет. Кен
карьеринин аймагы 20 жылдык
мөөнөт менен берилип,
жылына 33 миң тонна таш
алынышы керек болсо, учурда
аталган цемент заводдор
андан эки эсе көп казып кетип
жатканын билдирет депутат.
Кадамжайлыктар жогорудагы
артында калдайган караандар
турган заводдорго таштын
килограммын 1 сомдон сатып
алгыла, белгиленген көлөмдөн
ашык казбагыла, силердин оор
көлөмдөгү унааңар бузган
жолдорду оңдогула жана
цементтин баасын
арзандаткыла деп талап
коюшууда. А.Орозбеков
айылдык кеңешинин
депутаттары тарабынан
түзүлгөн комиссия жогорку
бийликтерге элдин талаптарын
коюп кайрылып, укпасаңар
жол тособуз дешүүдө.
Колундагы бийликтери менен
бардык документтерин чики-
чик кылып алышкан завод
ээлери жөнөкөй тургундардын
талабына ийилишеби же
«билгениңди кыл» дешээр
бекен?
Булак: "Алиби"
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев