"Пенде көз жумуп кабырга койулгандан баштап, биринчи денесинде , курсагынан баштап төмөн, жыныс мүчөлөрү түсүн жоготуп,… сасып, чирүү процесси ошол жерден башталат! Ошондуктан Адам баласы курсагы менен жыныс мүчөсүн таза кармап эле тим болбостон, арам жеп курсак чыгаруудан жана зынаа иштеринен сактоосу да зарыл! Демек кабырда адам баласы, биринчи кезекте, бул дүйнөдө эң керектүү болгон дене мүчөлөрүнөн ажырайт! Андан кийин бүт дене түсүн өзгөртүп көгөрө баштайт. Кабырга койулгандын 2 чи күнү , боор, өт, өпкө, ичегиси , сасып ирий баштайт. 3 чү күнү мүрдөнүн денесинен өтө каңырсыган жыт
чыга баштайт. 7 чи күнү, жүзү шимириле баштайт.көзү агып , тили, жаагы шимирилүү прцессине кабылат. 10 күндөн кийин дене ичиндеги органдар, ирий баштагандыктан , мурунку сөлөкөтүн жоготуп, шимирилип калат. 2 жумадан кийин чач түшө баштайт.Ал эми 15 күндөн
кийин 5 км ден өлүктүн жытынан сезип, мүрдөнүн денесине көгөн чымындар чогула башташат жана курттар бүт организмди ээлеп алышат! 6 ай өтүп, сиз баягы денеден калган скелеттен башка эч нерсе таппай каласыз! 25 жылдан кийин скелет структурасы да топурак күкүмүнө айланат.Бирок ушул күкүмдүн ичинде , көзгө көрүнбөгөн кабыкчалуу сөөк болот. Кыямат күнүндө мына ушул кабыкчалуу сөөктөн адам кайра тирилет! Кабыр ( мүрзө) тирүү адамга бир күндө 5 жолу кайрылат жана чакырат: " ОО Адам баласы! Мен жалгыздыктын үйүмүн! Менде жалгыз гана жатасын тээ кыяматка дейре! Ошондуктан тирүүңдө Куран оку. Жана кабырда жатканыңда сага дос болот! Оо адам баласы! мен капкараңгы, түнт , караңгылыктын үйүмүн! Мага келип жалгыз караңгылыкта жатканыңа чейин! Түнкү( тахажуд) намазын тирүүңдө окуп , кийин кабырыңда, жарык кылып туруучу чырак кылып ал! Мен чаң топурактан башка өкүм сүрбөгөн чаңдын үйүмүн! Тирүүңдө сооп иштерди кылып, кабырда жатканыңда, сооп иштериңден астыңа жумшак төшөк , көрпө кылып ал! Мен уулуу Чаян , суук түстүү жыландардын үйүмүн! Сенин денеңди кабырда чагып талаганда, ооруну тоотпогон уусуна каршы , тирүүңдө АЛЛАХТЫН атын көп атап, ууга каршы тоотпогон даарыңды даярдап ал! Мен сурак алуучу, Мункар менен Накир периштелеринин үйүмүн! Алар сүрү менен сени сүрдөтүп сурооберип, тилиң иштебей калганга чейин, тирүүңдө " Ыйман келмесин көп кайталап тилинди да дилинди да даярдап ал! Сен көп күнөө кылдың! Кыяматтагы сенин акыбалың ташты да ыйлата турган акыбалда!!! " Мен кабырмын ! Мага жалгыз келесиң , кыяматка дейре же кабыр сени кысып азаптайт! Же кабыр сага кеңейип тынчтыктын жайы болот!! Сага бир гана нерсе жардам бере алат. Ал да болсо сенин азыр жер үстүндө тирүү жүргөн убактың"
***************************-
Орозодо ар бир диндеги амал ишиңиз 700 эсеге көбөйүшүн унутпаңыз! Айтып коюуу парз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12