дейбиз. Бирок ошол
жаштык – мастык биздин
кийинки тагдырыбызга
бычак болуп уруларын
билбейт экенбиз. Менин
чоң кырсыгым, Нуржан
аттуу кызды жактырып
калганым болду. Ал кыз
биздин айылдын
башкармасынын кызы
эле. Баскан-турганы эркектердей, өкүм
сүйлөп, анча-мынча жанды тоготпой,
кыйгач тиктеп турчу. Эки өрүмгө
батпай дуулдап өскөн чачтарын
аркасына ыргытып коюп сумсая басып
кетчү.
Бул жылдар 80-жылдардын аягына туш
келет. Нуржан мыкты окуган кыз болчу.
Ошентсе да борборго барып, окууга
өтпөй калып, кайра келди. Башында
айтып өтпөдүмбү, аябай намыскөй жан
эле, ошого жаны кашайып, эки-үч жолу
жиберген жуучумду кайтарып жиберди.
Мен дагы ошол айылдын мен-мен
деген жигиттеринин бири элем. Ата-
энем башканы алып беребиз дегенине
карабай, «алсам Нуржанды алам, же
шаарга кетем» деп туруп алдым.
Жалгыз уул болгонум үчүн апам менен
атам көңүлүмдү карап өстүрүшкөн.
Андыктан жайыма коюшту. Менин
ойлогонум да, эңсегеним да Нуржан.
Мурункудай көчөдөн да көп көрбөй
калдым. Ансайын уйкум качат,
сагынычтан сары оору болуп кеттим.
Акыры балдар менен сүйлөшүп,
Нуржанды ала качмай болдук. Балдар
топурашып келип Нуржанды машинага
салышты да, «экөөң сүйлөшүп алгыла»
деп чыгып кетишти.
– Сыйыңар менен үйгө жеткирип
койгула, атам укса тирүү калтырбайт,-
деди дагы деле өкүм.
– Эмнеге жуучуну кетирип жатасың?
– Мен сага тийбейм, Нурдин байке,
мен али жашмын, окушум керек.
Айылда кала турган болсом сенден
башка күйөө издебейт элем, бирок
мен...
Көздөрү жалындап максаттуу тиктеп
турду. Ого бетер жүрөгүм дүкүлдөп,
ушул кызсыз өмүрүм өтпөй калчудай
сезилди. Тобокелчиликке бардым.
Нуржан катуу каршылык көрсөтүп
жатты. Бир кезде эле аны кармап
тынчтандырып бара жаткан балдардын
бири «энеңди урайындар,
өлтүрдүңөр!» деп жиберди. Дароо
машинаны токтотуп, балдар туш-тушка
качып жоголушту. Өңү купкуу, суналып
Нуржан жансыз колумда жатты. «Оо,
Теңир, ушуну кааладым беле?» Башын
кучактап өксүп милиция келгенче
отура берипмин. Арактын күүсү менен
ичип алган балдар аны тынчытабыз
деп жатышып моюн омурткасын катуу
кысып коюшкан окшойт, дароо жан
бериптир. Ошентип, 10 жылга кесилип
кеттим. Кийин мунапыска туш келип
калып, мөөнөтүмдөн эрте чыктым.
Бирок тагдырдын сыноосу мен үчүн
бүтө элек экен...!
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2