Мен 2014 жылы, ноябрь айында уйлонгом, келинчегим кудайга шугур,татынакай, тын колунан баары келген жоош болчу.Мен уйлонгондо аябай бактылуу элем, бирок ал бактылуу кундорум убактылуу экен. Башында баары жакшы башталган, кундо майрам кундо той. Келинчегим ак жоолугун салынып чай куюп атканын коруп озунчо бактылуу элем.Торкуну жакындын тошогу жыйылбайт деген чын экен.Кайын журт жакын болгондо да кошуна элек. Ат тезегин кургатпай, келе берчу кайн эжелер.Акыры жаштык кылдыкбы, же эмне болду ким билет, бир ай жашап ажыраштык.Кетем дегенинен кетирдим, кармаган жокмун, озум жеткизип бардым карангыда кийимдери менен.Уйдун жалгыз баласымын, 3 эжем бар учоо тен оздору менен озу турмушка чыгышкан.Ажырашкандан кийин жапжаш туруп ичип кеттим, кундо ичип келем кундуз уктайм, тункусун балдар менен арак ичип тамеки чегип, кочодо журчумун, жумушум ушул эле. Башкага конулум жок, эч кимге конул бурбай тунт адам болдум.Акыры чыдабай аракка тойуп алып, мастыгым менен жаны жылга жакын аялымды уйго алып келдим, кайра жашайм деп.Анткени боюнда бар эле. Мени кутуп жургон окшойт, уйго келди бирок ойлогон оюм ишке ашпай калды, апам каршы болуп, уйго киргизбей койду, жашабайсын деп.Ошол боюнча кетти, менда шаарга кетип калдым, Жаны жылдан кийин жаны жашоо баштайм ичпейм деп озумо озум соз бердим, созумо турдум ичкен жокмун, жалгыз жашайм жумушка барам келем. Жашоом жакшы, бирок жалгыздык жанга батты.Азыр одноклассниктен жазат, буюрса ата болосун, эркек бала торойм, эмнеге келбейсин алып кетпейсин деп.Алып келип жалгыз жашабай аялым менен курсактагы баламды эркелетип жашагым келет кээде. Бирок намысым жол бербей атат, же озунон озу эч кандай причинасы жок кетип калганына катуу таарынгам.Кечире албай койдум. Эми кантем айткылачы?
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 170