Кош бойлуулук жубайларга бакыт тартуулары талашсыз. Бирок аял кош бойлуу учурда ар кандай өзгөрүүлөргө учурагандыктан түгөйлөрдүн сексуалдык жашоосунда бир топ түшүнбөстүктөр болот. Эмесе, кош бойлуулук учурундагы жыныстык катнаштын негизги көйгөйлөрү, кайсы учурда жыныстык катнашка барган болбой турганын карап көрөлү.
Кош бойлуулук учурундагы жыныстык катнаштын негизги көйгөйлөрү
1. Үч адам бир төшөктө
Айрым жубайлар «жатындагы балабыз бизди көзөмөлдөп, баарын сезип жатат» деген уялуу сезиминен улам төшөк оюнунан баш тартышат.
Көйгөйдү кантип чечсе болот? Оргазм алуу учурунда өнөктөштөр ортосунда күчтүү энергетикалык алмашуу болот. Аялга жагымдуу таасир калтырган бул өзгөрүүнү түйүлдүк да сезет. Жатында жаткан бала ата-энесинин сексуалдык оюндарынан таасирленерин окумуштуулар изилдешкен. Алар УЗИ аркылуу байкоо жүргүзүшкөндө түйүлдүк апасынын оргазмынан кийин баш аламан кыймылдап, жүрөгүнүн кагышы тездеген. Жыныстык катнаш учурунда жатын жыйрылып, бала үчүн энелик оргазм пайдалуу болуп алдыдагы төрөткө даярдык жүрөт.
2. Талгак
Көңүл айланып куску келүү, баш айлануу, чарчоо дагы төшөккө болгон каалоону жоготот. Кош бойлуу аял адатта уйкудан башка эч нерсени каалабай калат. Күйөөсү анын көйгөйлөрүн бөлүшпөй жатканына аябай ачууланат.
Көйгөйдү кантип чечсе болот? Сиздин көңүлүңүз 24 саат бою айланып жаткан жок да, андыктан ыңгайлуу учурда күйөөңүз менен төшөк оюндарын ойноңуз. Сиз үчүн эртең мененки жана түшкү уйкудан кийинки учурлар эң ыйгайлуу. Өзүңүздүн каалооңуз үчүн күйөөңүздү зыян тарттырбаңыз.
3. Кош бойлуу дене
Аялдын денеси күйөөсүнүн көз алдында өзгөрүп турат: курсак болуп көрбөгөндөй чоңоюп, эмчек ооруксунуп, ууз агат. Сексуалдык позалар да күлкүлүү көрүнөт жана ыңгайсыздык гана жаратат.
Көйгөйдү кантип чечсе болот? Сырткы келбетинин өзгөрүшүнөн айрым аялдар чочулашат. Ал эми эркектерге аялдын ал көрүнүшү жагат. Кош бойлуу аял көпчүлүк эркектердин сезимин козгойт. Андыктан тогуз ай ичинде курсагыңыз менен сыймыктансаңыз болот. Болгону жыныстык катнаш учурунда өзүңүзгө ыңгайлуу болгон жаңы позаларды ойлоп таап туруңуз.
4. Бойдон түшүп калуудан чочулаган ой
Айрымдар интимдик байланыш түйүлдүккө зыян келтирип бойдон түшүрүп коюшу мүмкүн деп ойлошот. Ошондуктан аялдар күйөөсүнө жагымдуу нерсе тартуулагысы келип жатса да баланын коопсуздугун ойлоп жакшы көңүл ача албайт.
Көйгөйдү кантип чечсе болот? Кош бойлуулук оору эмес, бирок эки эсе жоопкерчилик. Андыктан айрым чектөөлөр туура. Эгер кош бойлуу аялдын ден соолугу чың болсо, толук кандуу сексуалдык жашоодон баш тартпай эле койсо болот. Балага эч кандай зыяны жок, себеби түйүлдүк жатында мыкты корголгон.
Кайсы учурда жыныстык катнашка барганга болбойт?
Бир нече түйүлдүк (эгиз, үч, төрт) болгон шартта дарыгерлер эненин өзүн кандай сезүүсүнө карабай кош бойлуулуктун жыйырманчы жумасынан кийин жыныстык катнаштан баш тартууну сунушташат. Болбосо төрөт убактысынан эрте болуп калуусу ыктымал.
УЗИ курсактагы баланын тону төмөн орун алганын көрсөтсө, жыныстык катнаш кан кетүүнү чакырышы ыктымал. Мындай учурда дарыгерлер айрым позалардан баш тартууну сунушташат.
Кан кетүү же суюктук көп бөлүп чыгарган учурда дарыгердин текшерүүсүнөн өткөнгө чейин жыныстык байланыштан карманып туруу керек.
Эгерде мурун боюңуздан козголуп, түшүп же маалынан эрте төрөп койсоңуз, бул кош бойлуулугуңузда дал ошол мөөнөт абдан кооптуу болуп саналат. Андыктан эч нерсеге карабай баш тартуу керек. Ошондой эле айызыңыз келип жүргөн учурларды божомолдоп алыңыз, анткени бул маал, тактап айтканда, кош бойлуулуктун ар бир төртүнчү жумасы (4-жума, 8-жума, 12-жума, 16-жума ж. б.) кооптуу.
Төрөт белгиленген убакытка 2-3 жума калгандан баштап интимдик жашоодон алыстоону дарыгерлер сунушташат. Сексуалдык козголуудан аялдын организми жатындын жыйрылышын стимулдаштыра турган окситоцин гормонун бөлүп чыгарат. Андыктан жыныстык байланыш толгоону түздөн-түз убагынан эрте чакырат десек болот. Ал эми убагынан өтүп кетип төрөй албай жаткан аялдарга, тескерисинче, жыныстык байланышта болуусу сунушталат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16