Үй-бүлөнүн жаңы мүчөсү жарыкка
келди дейли. Балакай силердин
сүйүүңөрдүн данакери болгону
менен, төрөттөн кийин айрым
жубайлардын төшөккө кызыгуу
солгундап кетиши мүмкүн. Бул
сыяктуу маселе сизди
тынчсыздандырса, төмөнгө көз
жүгүртүңүз.
АЯЛ ТӨРӨТТӨН КИЙИН...
Биринчи төрөттөн кийинки алгачкы
мезгилдерде аялдардын 30 пайызы
төшөк кумарынан баш тартышса,
20 пайызынын сексуалдуулугу
төмөндөп кетери изилдөөлөрдүн
негизинде айкын болгон.
ПСИХОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ
Албетте, күндүз бала менен
алышып чарчап, түндө уйкусу
бөлүнгөн аял үчүн төшөк кумары
өзүнөн-өзү арткы планга жылып
кетет. Анын үстүнө төрөттөн
кийинки ооруксунуу кошумча
болуп, бул тууралуу ойлонуудан
качып калышат. Ошондуктан
өзүңүздүн сезимдериңизди
сүйүктүүңүз менен бөлүшүү
аркылуу бул маселени чечсеңиз
болот. Наристени эмизүүдө
аялдардын организминде эстроген
гормондору азайып кетиши
күтүлөт. Ошондуктан аялдар көп
учурда депрессияга учурашат. Бул
төшөк кумарына терс таасир
берет.
ФИЗИОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ
Төрөттөн 4-6 жума өткөн соң
аялдын физиологиясы калыбына
келип, төшөк кумарына даяр болуп
калат. Бул учурда чоюлган жатын
калыбына келип, айрымдардын
тигилген жерлери айыгып калат.
Төрөттөн кийин сексуалдык каалоо
төмөндөп кеткендиктен жыныс
кыны кургак болуп, ооруксунууну
пайда кылышы да мүмкүн. Бул
үчүн интимдик гель же кремдерди
колдонуу керек. Эгерде интимдик
катнаш учурунда катуу ооруксунуу
басаңдабай жыныс кынынан
суюктук бөлүнүп чыгып жаткан
болсо, сөзсүз дарыгерге кайрылуу
керек. Анткени төрөт учурунда
жыныс органдарына инфекция
кирип кеткен болуусу мүмкүн.
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Ар бир аял төшөк кумарына даяр
экенин өзү сезгени оң. Төрөттөн
кийин чындыгында эле жыныс
кыны кеңейип кеткендиктен,
оргазм алуу кыйынга турат. Бул
абалдан чыгуу үчүн Кегелдин
жыныс кынын кичирейтчү
көнүгүүлөрүн колдонуу керек.
Жатын булчуңдарын 4-5 секунд
ичке жыйрып, демди ичке ала
туруу керек.
Анан демди коё берип,
булчуңдарды бошотуу кажет.
4-5 секунддан кийин бул
көнүгүүнү улантуу кажет.
Ошентип, бул 30 жолу
кайталанат. Мындан жыныс
кыны тез калыбына келет.
ЭСКЕРТҮҮ!
Энелик милдет менен бирдей эле
жубайлык милдетти аткаруу керек
экенин аялзаты эсинен
чыгарбаганы зарыл.
ЭРКЕК АТА БОЛГОН СОҢ...
Төшөк кумарын сагынып калган
эркек жубайы менен кумарга
баткысы келет.
ПСИХОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ
Түгөйүңүздүн буга чейин көп
убакыт күткөнүн тана албайсыз да.
Эркектердин көптөн күткөн күнү
келгендиктен, алар төшөк кумарын
кандырууну өзгөчө самап калышат.
Жубайынын салкындыгын байкап,
башкача жоорушу да мүмкүн.
Кызыгы, эркектер аялы менен
төшөк кумарына батууга таптакыр
шашылбаган учурлар да кездешет.
Айрымдар төрөт учурунда аялынын
жанында болуп кандай
кыйналганын көргөндүктөн, коркуу
сезиминен арыла албай, төшөк
кумарын артка жылдырышат. Кээ
бири аялынын бала менен алаксып
жатканын түшүнгөндүктөн, төшөккө
көп шашылышпайт.
ФИЗИОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ
Жогорудагы маселе эркектерге да
таандык. Төрөттөн кийин аялынын
жыныс кынынын кеңейип кетишин
эркектер да өзгөчө кабыл алышат.
Бирок бул убактылуу гана нерсе
экенин, башкача айтканда,
акырындап калыпка келерин
түшүнүп, аялынын көңүлүн
оорутпашы кажет.
АБАЛДАН ЧЫГУУ
Төрөттөн кийинки төшөк кумары
биринчи түндөгүдөй эле
назиктикти, аяр мамилени талап
кылат. Аялдар бой-турпатынан,
жатындын кеңейип кеткенин улам
өздөрүн ыңгайсыз сезип, уялышы
мүмкүн. Андыктан баары
ойдогудай экенин эскертип туруу
аларга жагымдуу маанай
тартуулайт.
ЭСКЕРТҮҮ!
Эркектер балага көргөн камкордугу
менен да аялынын жүгүн
жеңилдете алышат.
КААЛООНУ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ
Буга чейинки кумарлуу түндөрдү
кайрып алгыңыз келеби? Анда
өзүңүзгө жакшылап көңүл буруп,
сексуалдык жашооңузга жаңы
бурулуш киргизүүңүз керек.
Кумарга батуу учурунда
наристени өзүнүн керебетине
жаткыра туруу керек. Анткени
силердин кыймылыңардан бала
ойгонуп кетип, планды бузушу
мүмкүн. Өзүңүз деле баланын
жанында жатып, эркин боло
албайсыз.
Төшөк кумарында “бала ойгонуп
кетти окшойт” же “тезирээк
бүтүрчү” деген сөздөрдү
айтпооңуз зарыл.
Төрөттөн кийин аялдардын
эрогендүү чекиттерин кайрадан
изилдегенге туура келет.
Анткени төрттөн кийин
аялдардын денесинде сезимтал
жерлери көбөйөт.
Баланы эмизүү кезинде катуу
кармоо ооруксунуу
жараткандыктан, айымдардын
эмчегин аяр гана сылап
өпкөнүңүз жетиштүү.
Төшөк кумарында убактылуу
болсо да наристе тууралуу
унутуп, өзүңүздү толук бойдон
сүйүктүүңүзгө арнаңыз.
КЫЗЫК ЭКЕН
Көпчүлүк аялдар төрөттөн
кийин гана төшөктөгү рахатты
айкын сезе башташат. Буга
себеп – төрөттөн кийин
организмдин жаңылануусу.
Аялдын сүтүнүн көп болушуна
сексуалдык каалоосу таасир
берет делет. Анткени эненин
куунак көңүлү сүттүн мол
болушун шарттайт.
50 пайыз аялзаты кайрадан
боюна бүтүп калуу коркунучунан
улам төшөк рахатынан
качышат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17