Шайлообек
Дүйшеев
Кызгылт кеч. Аптап эзилген,
Кызгылт от агат четинден.
Элеңдеп суудан кыз чыкты,
Энеден туума чечинген.
Аягын шилтеп абайлап,
Ал чыкты секин, аярлап,
Жалдырап тиктеп калышты,
Жалбырак, токой, жалаң бак.
Ак балтыр аста ачылган,
Алакан аяр жашырган.
Агылган айдың чачы анын,
Акырек ылдый чачылган.
Чачырап күн да кактады,
Чатырап сулуу басты ары.
Чалкадан түшүп... денесин,
Чалкыган кумга таштады.
Айтсам дейт таш да тил жасап,
Ай, Кудай! Мында ким жатат?
Апачык таштап дүйнөсүн,
Алоолоп сулуу тим жатат.
Шыбактар желге агышкан,
“Шырп” этпей токтоп
калышкан.
Чолпусун каккан дайра да,
Чочулап турат агыштан.
Көкшүнү суубай тал карайт,
Көгүш нур тынбай аймалайт.
Көгүчкөн тумшук мамагы,
Көзү жок Барпы кайдалайт?..
КУСА БОЛУП КУМАР ОТУ
ТАРАБАЙ...
(Жапакеңдин
чөнтөк
дептеринен)
Бир убакта сүйдүм, сүйдүң ченебей,
Минутуңду миң жылдарга теңебей!
Калың бактуу, буйгат жерге
токтолуп,
Көксөп көңүл, сезим оту козголуп.
Көзүңдү жумуп, көндүң ыкка,
секетим,
Көп анчалык каршылыгың жок
болуп.
Жая салып болгондорду алдыга,
Ыштаныңды такыр чечип
таштадың.
Ошол жерге барып жүрдүк дайыма,
Убакыт таап, калса колдор бош
болуп...
КОЛДОРУМ СОЙЛОЙТ ШОК БОЛУП
Жытынан, ай, кумардуу сенин
денеңдин,
Кучактап сени эсимден танып
кетемин.
Кышкы түн узун, шашпастан жай
кыймылдап,
Кийимиңдин баарын калтырбай
бирден чечемин.
Моюндан тиштеп, кытыктап
назик тил менен,
Белиңден тартып, денеңди
бери имерем.
Торсоюп турган кош алмаң
мени азгырып,
Чыдабай кетип, өпкүлөп, эмип
жиберем.
Кышкы түн узун, шашканда эмне,
ашыкпай,
Өпкүлөп чыгам эч жерден чоло
калтырбай.
Көзүңдү жумуп, кыңкыстап, назик
жалынып,
Жата тур дагы, кышкы түн узун,
шаштырбай.
Уйпалап менин ансыз да
тармал чачымды,
Тырмагың жонго беш салаа
изин калтырды.
Жытың бир сонун, махабат
даамы даамданган,
Кумарым канбай, эсимден
мени тандырган.
Колдоруң ысык, денеме назик
оролуп,
Эриниң балдай, өпкөндө ысык чок
болуп.
Изилдеп сенин эрогендүү денеңди,
Ылдыйды көздөй колдорум
сойлойт шок болуп.
СССР, 19.12.2009
(интернет
форумдан)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14