Жубайынын көзүнө чөп салуу –
көпчүлүк учурда үй-бүлөнүн
урашына жеткирүүчү жол. Ойнош
күткөн аял менен эркектеги
өзгөрүүлөрдү психологдор
төмөндөгүчө бөлүшөт.
АЯЛДАРДАГЫ 7 ӨЗГӨРҮҮ
1. Ойнош күткөн аял
күтүүсүздөн эле адатын,
имиджин, стилин өзгөртүп,
сырткы келбетине көп көңүл
бура баштайт. Эртең менен
кийимди кылдат талдап
кийип, күзгү алдында
адаттагыдан көп турат.
Келбетине көңүл буруп,
балким, арыктоого өтөт.
Косметика, парфюмериясын
жаңыртат.
2. Мурун сиз (күйөөсү) менен
маселелерди чечүү үчүн
кеңешип, сырдашып келсе,
эми сизге жана сиздин
жашооңузга кызыгы жоголот.
Интимдик маселе тууралуу
сүйлөшүүдөн качат. Сизди
босогодон тосуп алуунун же
узатуунун ордуна өз иши
менен башка бөлмөдө жүрө
берет.
3. Өзүнүн ой-толгоолору,
иштери тууралуу айтпай
калат. Бул, мүмкүн, сиздин
алдыңыздагы өз күнөөсүн
сезүүдөн чыгар?..
4. Үй-бүлөлүк иштерге анчалык
аралашкысы келбей калат.
Үйдө азык-түлүктөрдөн эмне
бар, эмне жок экенине да
көңүл бурбайт.
5. Сиз менен аз талашып,
чатакташпай калат. Эмне
айтсаңыз да “туура” дечү
адат табат. Байпак менен
кийимдериңиз чачылып
жатса, мурункудай урушпай,
кайдигер карап, жыйнап
коёт.
6. Телефон менен көп
сүйлөшүп, электрондук
почтасын тез-тез текшерүүгө
өтөт. Телефон менен
сүйлөшкөндө шыбырап
сүйлөп, сизди укпасын
дегендей кылат.
7. Дайыма кечигет. Мунусун
көбүнчө “жумушта
кармалдым” же “курбуларым
жолдон күтүүсүз жолугуп
калышты” деп түшүндүрөт.
Же “базарга кеттим” деп
чыгып, абдан кеч келет.
ЭРКЕКТЕРДЕГИ 7 ӨЗГӨРҮҮ
1. Калпты көп айта баштайт.
Башкача айтканда, “эмгекчил”
же “жамаатчыл” болуп чыга
келет. Мурункуга караганда
“6-күнү да иштейм” же
“жамаат менен мончого
(саунага) барышым керек”
деп турат.
2. Үйдө да чөнтөк телефонун
коюп койбой, жанынан
түшүрбөй калат. Сизден
оолак барып же ваннага
кирип алып сүйлөшөт.
3. Эгер машинасы бар болсо,
анысы улам эле бузула
баштайт. “Оңдотуп жүрүп кеч
келдим” деп актануу адатка
айланат. Машинадагы
орундуктар жылып, кээде
косметика каражаттары
калып калган болот.
4. Күндө мурункуга караганда
кылдат кырынып, атыр
колдонууга өтөт. Жынсысын
стилдүү костюмга
алмаштырат.
5. Төшөктө рахатка мурункудай
бөлөбөйт. Төшөк
оюндарынын саны азаят.
Муну чарчап жүргөнүнө
шылтоолойт. Кокус секс
болуп кетсе, башкача
кошулуу ыкмаларын
колдонуп, башкача эркелетет.
6. Сүйлөгөндө жаңы сөздөрдү
кошуп сүйлөйт. Мурун юмор
менен сүйлөбөсө, эми
тамаша аралаштырып калат.
Мимикалары, кол
шилтөөлөрү, сүйлөө
манералары өзгөрөт.
Психологдор сүйүп калган
адам өзү сезбей, сүйгөнүнүн
кээ бир кыймыл-аракетин,
сүйлөгөнүн туурап калат
дешет. Кээ бир кыйын
аялдар күйөөсүнүн өзгөргөн
мимика, кол кыймылдарына
карап үй-бүлөлүк
тааныштарынын ичинде
кайсы аял ошондой
сапаттарга ээ экенин
изилдеп, акыры күндөшүн
таап алат.
Мүнөзү өзгөрүлөт. Мурункуга
салыштырмалуу өзүн шайыр
же туталанып, жинденген
абалда алып жүрө баштайт.
Кемчиликтериңизди көп
айтууга өтөт. Байкасаңыз,
сырткы келбетиңизди
бирөөлөрдүкү менен
салыштырып жаткандай
болот. Же мүнөзү түнт
тартып кетет.
7. Акча белгисиз тарапка кете
баштайт. Өзгөчө бул майрам
алдында байкалат.
Эротамаша
Аял ойношу менен төшөктө.
Аңгыча күйөөсүнүн үнү угулат. Аял:
– Оо, Кудай, мени куткара көр!
Асмандагы үн: – Макул, бирок
суудан өлөсүң!
– Макулмун!
Ошол замат ойношу көздөн кайым
болот.
Арадан көп жыл өтөт. Бир жолу
жалаң аялдар менен кемеде
саякатта баратса, кеме чөгө
баштайт.
Аял: – Оо, Жараткан, мендей
шерменде үчүн ушундай күнөөсүз
жандарды кошо өлтүрөсүңбү?
– Коркпо, мен сага окшошторду 5
жыл бою чогулткам.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 33
зарыл иш чыкандай тур корсотот.
Аны тушунгон аял чыныгы аял демда