Вирус бул – латынчадан которгондо “уу” дегенди билдирген медициналык термин. Технологиялык жактан алып караганда вирус медицинадагыдай эле кызматты аткарат. Компьютердин программалык камсыздоосун иштен чыгаруу, файлдарды өчүрүү жана эң негизгиси, компьютердин «мээсинин» иштөө функциясына доо келтирет. Анда эмесе, компьютердин иштешине байланышкан вирус жана антивирустар жөнүндө сөз кылсак.
КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?
Алгачкы компьютердик вирус 1969-жылы байкалып, ал ГРИППЕР деген атка конгон. Чынында, компьютердик вирустар 1980-жылдардан баштап иштелип чыга баштаган. Вирустардын алгачкы эпидемиясы болсо, 1987-жылдары катталган. Бул жылдарда Врейн аттуу вирустук программанын таралышы менен 18 миңден ашуун компьютер иштен чыккан. Азыркы учурда вирустардын жаңы түрлөрү дүйнөлүк желе аркылуу таралып келет. 2000-жылы “Мен сени сүйөм” деп аталган вирус электрондук почталар аркылуу таралып, миллиарддаган чыгымдарды алып келген. Анын негизинде миңдеген адамдардын электрондук почталары жапа чеккен.
ВИРУСТУН ДАБАСЫ – АНТИВИРУС
Антивирус бул – жеке компьютерге зыян алып келүүчү ар кандай вирустук программаларга каршы иштелип чыккан программа.
Антивирустук программанын негизги максаты – вирустук программаларды аныктоо, алардан жапа чеккен файлдарды калыбына келтирүү, тактап айтканда, аларды айыктыруу жана зыяндуу вирустардан алдын алуу болуп эсептелинет.
Компьютердеги эң негизги программалар «Майкрософт Виндоус» фирмасы тарабынан жазылгандыктан, вирустук программалардын көбү ага жараша даярдалып келген. Бирок учурда «Майкрософттун» негизги атаандаштары өзүнүн кынтыксыз коопсуздугу менен айырмаланып келген «Линукс» жана «Мак ОСко» дагы каршы вирустук программалар чыгарылууда. Алар бир гана компьютерлерге ылайыкталбастан, чөнтөк телефондорго дагы ылайыкталып чыгарылат. Өзүңүздүн жеке компьютериңиз жакшы иштеши үчүн лицензиясы бар антивирустук программаны орнотуу зарыл. Анын тийиштүү деңгээлде иштеши үчүн компьютер интернетке кошулуп, ошондой эле антивирустук программаны колдон келишинче жаңылап туруш керек.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
«WEBCITY Business Network» тарабынан интернетте жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында, Касперский лабораториясынын «Kaspersky Crystal» антивирустук программасы эң мыкты деп табылган. Андан кийинки катарда «ESET NOD32 Smart Security», «Dr.Web Бастион Pro», «Avira AntiVir Premium Security Suite» программалары турат.
Касперский лабораториясынын маалыматтары боюнча, 2011-жылдын башында интернетте кеминде эле 4,5 миллион вирус бар экени аныкталган.
Бишкек шаарында лицензиялуу антивирустук программалардын баалары 1000 сомдон башталат. Сапатына жараша программанын баасы жогорулайт.
P.S. Кээ бир адистердин айтымында, антивирустук программаларды чыгарган лабораториялар өзүнүн продукциясын сатып туруш үчүн вирустук программаларды чыгаруу боюнча хакерлер менен иш алып барышат. Бул формацевтика чөйрөсүндөгүдөй эле көрүнүшкө окшош. Жаңы ооруну ойлоп таап, ага каршы дарыдан көптөгөн киреше табууну көздөгөндөй эле кеп.
(Эгерде сиздин антивирусуңуз иш алып барбай жатса.сиз жаңы антивирус орнотконуңуз оң.себеби:көп иштеген антивирус вирустарды тазалаганга күчү жетпей калат да кайра вирус чакырышы мүмкүн)
Эгерде биздин темабыз сизге түшүнүксүз болуп же нааразычылыгыңыз болсо бизге кайрылыңыз
»»» ok.ru/Abdyrashit.Satylganov
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Kaspersky антивирусу.коптогон типтерге болунуп кетет.Эгер сиз вирусту жок кыла албай жатсаныз.анда Kaspersky антивирусун колдонууну сунуш кылабыз.себеби:озум Kaspersky антивирусун колдоном.интернетке коп киргенге айрым жуктолгон нерселерди дароо табып.очурунуз деп айтып турат.
Эгер сиз вирустан алдын алууну кааласаныз анда.Dr.wep(Доктор веп),NOD-32 антивирустарын колдонуп корууго чакырам.мобилдик телефонго ынгайлаштырылган абалда.вирустарды коруучу мыкты антивирустар деп айта алам.