Бул жигит бий үчүн жаралгандай... Анын хореографиясы интернет желесинде вирустай тарап, дүйнөлүк атактуулардан баштап кайталап бийлеп келишет. Сөз бийчи эле эмес, ырчы, автор, актёр Тэмин жөнүндө. Эгер “корей толкунунда” болсоңуз, каарманыбызды сөзсүз тааныйсыз. Тааныбасаңыз, ушул макаладан кийин анын талантына баа берсеңиз болот.
Тиштер, алардын таза, сулуу болушу адамдын көркүнө көрк кошот. Окурмандардан да редакцияга тишке байланыштуу суроолор көп келет. Бул жолу аларга тиш дарыгери Аскат Сайпидинов жооп берди.
Жакында интернет желесинде “машинага отур!” деп, колуна отургуч көтөрүп алып аялды кууп жүргөн жарандын видеосу тараган. Чуулгандуу окуя Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач конушунда, ижарага берилген батирлердин биринде катталган. Ошол видеонун каарманын таап баарлаштык. Күйөөсүнөн токмок жеп жашап жүргөн 20 жаштагы Лейла Бөрүбаева окуяны төмөндөгүдөй айтып берди.
(Башы өткөн сандарда) Шоола көздөрүн жумду. Бир топтон бери, көп жылдан бери жүрөгү мынчалык ооруй элек болчу. Бүт денеси ооруп, алсырап калганын туйду. Алгач эле эсине келгени Канат үйлөнөт деген жаңылык болду. Кайрадан жүрөгү мыкчылып чыкты, эч кимди көргүсү келбеди.
(Башы өткөн сандарда) Айзада жол бою Жакыповго чалам деген ой менен телефонго алаксып келе жатты. Чалып жардам сурайын дейт, кайра жаман сөз айтып койсочу деп номерин терүүгө дити барбайт. Ушинтип ар нерсеге алаксып келе жаткан учурда унаа жол тилкесинен бир аз чыгып кетти.