#КыргызстанРоссия#Элчилик_билдирет#айдоочулар
Элчилик Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн 2024-жылдын 1-апрелинен тартып «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө» Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирерине бурат.
Аталган Федералдык Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россияда жашап турууга уруксатты (ВНЖ) же Россия Федерациясынын жарандыгын алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрү Россия Федерациясынын аймагында транспорт каражаттарын айдоо үчүн жараксыз деп табылат.
2024-жылдын 1-апрелине чейин жашап турууга урусаты бар (ВНЖ) же Россия Федерациясынын жарандыгын алган Кыргыз Рес
#КыргызстанРоссия#Москва#Элчилик_билдирет
2024-жылдын 22 мартында Москва шаарындагы "Крокус сити холл" концерттик залында көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген террористтик актка жана Россиянын баардык аймактарында коопсуздук жана антитеррордук коргонуу чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- Россия Федерациясына барууга жүйөлүү негизи жок жарандардын кошумча коопсуздук иш чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн тартипти колдонуу режими токтотулган учурга чейин убактылуу Россиянын аймагына кирүүдөн баш тартуусу;
- өзүнүн сапарын пландаштырып койгон жарандардын алдын ала Россия Федерациясына кирүүгө чектөө бар же жок э