Ошондуктан мусулмандар намазга башка нерседен өзгөчө көңүл буруулары зарыл. Халиф ‘Умар ибн аль-Хаттаб кол жардамчыларына мындай деп жазган: “Чынында, мен үчүн силердеги эң маанилүү нерсе – намазыңар. Жана кимде ким аны сактап, башкаларды намазга үндөгөн болсо, ал өз динин сактап калды. Ал эми ким намазга шалаакылык кылып, көңүл кош мамиле кылса намаздан башка нерселерге андан бетер шалаакылык кылыптыр. Намаз бул Улук Аллах Мираж түнү Өз элчисине буйруган биринчи парз. Жана бул Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) өлүм алдында үммөтүнө кылган акыркы насааты, ал өлүм алдында мындай деп кайталап жатты: “Намаз, намаз жана силердин кол алдыңардагылар (аялдар)!”. Сот күнү Аллахтын кулунун сурагы биринчи намаздан башталат жана бул дүйнөдө динден жок болуучу акыркы нерсе бул намаз. Качан намаз жоголгондо, дин толугу менен жоголот!. “Маджму’уль-фатауа”, 3/432. ✍🏼
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев