Предыдущая публикация
Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кайрылуулар 0777 102-102 Whatsаpp номери аркылуу күнү-түнү кабыл алынат.
"Жарандар көчөлөрдө туура эмес токтотулган унааларды, жол тыгындарын, кырсыктарды, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелери бузулган фактыларды көрсө түз ушул номерге сүрөт жана видео жөнөтүп койсо болот", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле кайрылууну алган кызматкер тийиштүү чараларды көрүп, аны жөнөткөн адамга жообун бере турганы кошумчаланды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1