Бул туурасында маалымат Федерация кеңешинин Telegram каналында жазылган.
Буга чейин аталган кызматта турган Сергей Шойгуну президент Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындап, башка жарлык менен буга чейин аталган кызматта иштеп келген Николай Патрушевди бошотту.
Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль президенттин жаңы дайындоолору тууралуу кечирээк билдирерин айтты. Анын айтымында, Белоусовдун талапкерлиги ведомство инновацияларды, алдыңкы идеяларды киргизүүгө ачык жана экономикалык жактан атаандаштыктын шартында туруктуу болушу керек деген жүйө менен сунушталган.
"Учурдун динамикасына туура келгендей кылып күч түзүмдөр блогунун экономикасын өлкөнүн экономикасына ылайыкташтыруу өтө маанилүү", — деп баса белгилеген ал.
Белоусов мамлекетик кызматта 2006-жылдан тарта иштеп келет. 2006-2008-жылдар аралыгында экономикалык өнүгүү министринин орун басары кызматын аркаласа, 2008-2012-жылдары өкмөттүн Экономика жана финансы департаментин жетектеген. Андан соң бир жыл экономикалык өнүгүү министри болгон. 2013-жылдын 24-июнунан тарта президенттин жардамчысы болуп иштеп, 2018-жылы 13-июнда бул ишине кайра дайындалган. 2020-жылдын 21-январында өкмөттүн биринчи орун басары болгон.
Песков Шойгу азыркы кызматы менен кошо эле Аскердик-өнөр жай комплекси боюнча комиссияда мамлекет башчынын орун басары макамында иштей турганын айтты. Мындан тышкары, Аскердик-техникалык кызматташуу боюнча түзүлгөн федералдык кызматты карамакчы. Маалымат катчынын айтымында, Шойгу ичинен жакшы билген бул тармакта эмгектенүүсүн улантат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев