Биринчи май РИИБдин иштен алынган жетекчилеринин ордуна жаңылары дайындалды
Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматтан бошотулган жетекчилеринин ордуна жаңылары дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, кечээ райондук милициянын үч кызматкерин УКМК массаж салондорунун ээлеринен акча алып жүргөн деп кармагандыгы белгилүү болгон. Мындан улам Биринчи май РИИБдин жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулган.
"Биринчи май РИИБдин жетекчилик кызматына Тилек Тюкебаев, анын ыкчам иштер боюнча орун басарлык кызматына Нурмат Давлетов дайындалып, кадр иштери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу Мирлан Казымбаев аткармай болду. Ал эми Бишкек ШИИББдин жетекчисинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына Айбек Ажыбаев, кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына Талантбек Асаналиев дайындалып, Чүй ОИИББдин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруу Руслан Аралбаевге жүктөлдү", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алты жетекчиси катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылганы кошумчаланган.
Ысык-Көл пансионаттардын көбөйүшүнөн жок болуп кетеби? Эс алган зоналарга эмнеге тазалоочу жабдуулар орнотулбайт. Кыргыз берметин кантип сактап кала алабыз. Sputnik Кыргызста...
Акын жана журналист Курбаналы Сабыров 39 жылдык өмүрүндө бир катар мыкты чыгармалары менен эл оозуна илинип, Жолон Мамытов, Акбар Рыскулов, Мелис Абакиров, Меңди Мамазаирова өңдүү чы...
Нет комментариев