Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин райондук милициянын үч кызматкерин УКМК массаж салондорунун ээлеринен акча алып жүрүшкөн деп кармагандыгы белгилүү болгон.
"РИИБдин башчысы Мирлан Ниязалиев, анын ыкчам иштер боюнча орун басары Улан Орозалиев, кадр иштери боюнча орун басары Эрмек Момуналиев жана Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Бектемишов ээлеген кызмат ордунан бошотулушту. Мындай чечим алардын кол алдындагыларга көзөмөлдүн жана кызматтык тартиптин начардыгы үчүн министрликтин коллегиясы тарабынан кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышканы кошумчаланган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев