Маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов тастыктады.
Анын айтымында, Алтынбек Сүйүнбек уулу Алматыда сабалып, кийин мекенге алып келинген Чолпонбек Сыдыков менен чогуу бир таксиде болгон.
"Сүйүнбек уулун 10-январда бошотушуптур. Ошондон бери ал чакырган адамдардын үйүндө жатыптыр. 21-январда таап, сүйлөштүк. Туугандары менен кечээ байланышка чыкты. Абалы жакшы, ден соолугу боюнча даттанган жок. Ал Алматыда кала турганын айтты", — деди Арипов.
Консул ушуну менен дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жарандары Казакстанда жок экенин айтып, мекендештердин митингге, талап-тоноолорго катышпаганын кошумчалады.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев