👍 Кээде унчукпай койуу , чындыкты айтуунун жалгыз гана жолу болушу мүмкүн.
👍 Мен үчүн эң бактылуу күндөрүм күнөөсүз өткөргөн күндөр.
👍 Жашоо өтө таш боор мугалим. Алгач сынайт, андан кийин сабак берет.
👍Эң сулуу көз - мээримдүү көз. Анын көк же кара экени айырмасы жок.
👍 Сен дайыма чакырып турган жүрөктөр бар. Бирок ал жүрөктөр чакырбай калган күндөр да келерин унутпа.
👍 Баардык адамдар жаңылып каталашат. Алардын бактылуулары тообо эшигине туш келгендер.
👍 Сени таштабайм . Сага өмүрүм өткөнчө жанымды арнап жүрүп өтөм дегендерден, бир гана апама ишенем.
👍 Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун саны аныктабайт.
👍 Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билип жанын бериш керек.
👍 Банкир - бул сага күн тийип турганда кол чатыр берип, күн жаап келгенде кайра алып койгон адам.
👍 Бүгүнкү бир саатың эртеңки эки саатка тете.
👍 Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл аяктайт.
👍 Адам Ай сыңары. Анын да караңгы жагы болот.
👍 Баарына жагам десең - бирине да жакпайсың.
👍 Кечирип коюш баарына оңой, кептин баары унутуп салышта.
👍 Сүйүүдөн жек көрүүгө бир эле кадам.
👍 Адамдын эң эле акмагы башкаларды жамандай бергени.
👍 Кудай бизге төрт ырахатты тартуулаган:
Ичкенди, жегенди, уйкуну, аял- эркек мамилеси.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy ✿ Fb.com/Formulasy ✿ Vk.com/Formulasy ✿ Youtube.com/UCOiLyw9Mqh3xYgNfTYC1dBA ✿ Instagram.com/Formulasy ✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев