Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, белгилүү хирург Эрнст Акрамов жүрөгү ооруп ооруканага жаткырылды. Учурда абалы жакшы. Бул тууралуу “Маралга” Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгери Бакыт Болотбеков билдирди. Акрамов 3-декабрда ден соолугунун абалына тынчсызданып ооруканага кайрылган. Учурда ал Бишкектеги “БИКАРД” клиникасында дарыланууда. Бакыт Болотбеков кечээ атактуу хирургдун абалынан кабар алгандыгы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
— Эрнст Акрамов жүрөгү ооруп ооруканага кайрылган. Келген күнү эле оорусу басылып, абалы жакшы болуп калган. Диагнозу такталып жатат, — деди Бакыт Болотбеков.
Эрнст Акрамов учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө экендиги айтылууда.
#маралфм #маралрадиосу #РадиоМарал #maralfm #Кыргызстан #Бишкек #Ош #Жалалабад #Нарын #Талас #Баткен #Каракол #Чүй
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев