Жамгыр жааганда адамдын жан дүйнөсүнүн эң бир назик кылдары бирден чертилип, жамгырдын кандайдыр бир сыйкырдуу күчү бардай сезилет. Бул өзүнчө бир философия, жамгыр философиясы!
Жамгырдын жумшак добушу менен жүрөктө жаралган керемет сезимдердин ыргагы бирдей туюлуп, жүрөктүн түпкүрүндө уктап жаткан сүйүүнү ойготкондой...
Бул жамгырлуу жайкы күндө жаралган сүйүү эки жанды ажайып сезимдерге жетелеп бараткансыйт. Булар бири биринен алыс болсо да, ортодо жанган сезимдер, экөө бир толкунда жүргөндөрүн аныктап тургансыйт. Жигит жамгырдын алдында токтоп калып сүйгөнүн элестетти... Экөөнүн ойлору да, пикирлери да бирдей болгондуктан, сүйгөнү да жамгырдын астында сулуу, назик жүзүн өйдө буруп, жаанга тосуп жаткандай сезилди. Ортодо бир топ аралык болсо да, экөө бир мезгилде жүздөрүн жамгырга тосуп, "көздөрүнө жамгырдын тамчылары эмес, сезимдердин тереңдиги толгонсуп турду. Жамгыр эмес, сүйүү экөөнүн жүздөрүн жуунтуп аткандай сезилди"... Аттиң, кандай керемет сезимдер!..
Бул күндөгү башкача жааган жамгыр сыйкырдуу добушу менен бүтүндөй ааламга сүйүүнүн күчүн даңазалап, сүйүшкөндөргө укмуштуудай сезимдерди тартуулап турду...
Табигаттын жашышы менен жер бетине сулуулук, аруулук орноп, адамдардын жан дүйнөлөрү тазарып, махабат сезимдери козголуп, керемет күчкө айлангандай....
Жасмин Амирова.
P.S. Комментариядан алынган.
Видео заметкадан алынды.
Заметканын авторуна терең ыраазычылык билдирем.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев