Интернеттен алынды.
"“Эмне, төгүлүп-чачылып жатканымдан улам той берди дейсиңерби! Мен деле эл катары кошумчалар менен жабам деп ойлогом. Туй ата, бул жагы эмне болот эми?
Достор менен 5000, кошуналар менен 2000, тууган-урук менен 3000 сомдон ражабыз бар. Же алардын тоюна барганда бербей койсом бир жөн. Бир сомун кем кылбай конвертке салып алып барчумун. Бул эмне кылгандары!
Быйыл үйүмдү бүткөм, уулумду сүнөткө отургузгам. Экөөнү бириктирип той берип, элден бата алып коюну чечтим. Ар кимин бөлүп чакыра бербей, бир кафеге сүйлөштүм. Конокторду тизмектеп чыксам, туура 300 адам болду. Жайлоодон бодо мал алдырттым. Жубайым эки күн базарлап, приздерин, столдун үстүнө коюлчу конфет, мейиздерин