Алоэ сизге күч - дем гана бербестен, ден соолугуңузду кошо чыңдайт.
Алоэнин 300 грамм маңызына 250 грамм май айындагы таза балды, 700 мл кагор виносун аралаштырыңыз. Жакшылап аралашкан соң, аны ачык эмес күңүрт түстөгү бөтөлкөгө же банкага куюп (сыртынан капкара материал менен байлап койсоңуз да болот), күн нуру тийбеген караңгы жерде беш күн бою коюп коюңуз. Андан соң күнүгө үч маал бир чай кашыктан тамак алдында ичип туруу керек.
100 грамм алоэге 500 грамм грек жаңак, 300 грамм бал, 3 же 4 лимондун согун сыгып алып аралаштырасыз. Күнүгө үч маал тамак алдында (30 мүнөт мурда) бир чай кашыктан ичип туруңуз.
Алоэнин жалбырактарын кесип тарелкага салып, аны 8 же 12 күнгө чейин муздаткычка
Экөөнүн баш кошконуна тогуз жыл болуп калды. Бирок, бир көргөн адамдар кечээ, эң эле болбоду дегенде бир ай мурун үйлөнүшкөн деп ойлошот. Сыртка чыкса ар дайым кол кармашып алышат. Конокторго чакырылса бири-бирине жанаша отурат. Бирөөсү боорсок жесе, экинчисне дагы алып берет.
Бир жолу үйлөрүнө жумуштап барып калдым. Досум чай куюп, “азыр кичине күтө тур, аяшың дүкөнгө кетти эле, келсе чогуу тамак жейли”,-деди. Казанда демделип турган ашын ачпастан, аялы менен чогуу жегени деп күтүп отурдук.
Досум менен базарга баргандан уялам. Көйнөктөрдү, кулак-мойунга таккан шуруларды көрсө жөн өтпөйт. “Жакусяма жакшы жарашчудай”,-деп, айымдардын “рядына” кирип кетет. Келинчегине ич кийим алып жатканда
КЫРГЫЗДЫН ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРЫНАН ҮЗҮНДҮ
Жакшы адамга ит бербе.
Эгер таманга, колтукка без чочуса, эгиз төрөгөн аялга үч жолу ачкарын эмдетип койсо болот.
Кайчыны эшиктин башына илбе.
Жолго кир сууну төгүүгө болбойт, же тебелендиге кирдин суусун чачпа.
Жуунгандан кийин колуңду силкпе.
Агып жаткан сууга түкүрбө же какырба.
Колго суу куйган адамды «өмүрлүү бол!» деп алка.
Жаман түш көрсөң сууга айт, суу менен кетсин.
Чайдын чамасын булганыч жерге төкпө.
Отко суу куюп өчүрбө.
Түндөсү суу куюлган идишти ачык койбойт.
Үйүңө мейман келсе, колуна жылуу суу куй.
Чөмүч менен итке аш куйба.
Наристе баланы күзгүгө көргөзбө.
Адамга бычак кесебе, анты болот.
Жаш баланын салмагын айтпа, татына дебе.
Акты «куу»