Таң эрте, тратуарлар дээрлик бош. Узуун төшөлгөн тратуарда, таңкы суукка үшүгөндөй үйкүйүп Бактыгул бара жаткан. Алыстан ага каршы, жол басып бир караан келе жаткандай. Бирок аны даана көрүп, тааныганга анын көзү жетпеди. Бул тратуар Бактыгулгө алыстай, аягы бүтпөчүдөй сезилгени менен жанакы караан бат эле жанына келип калды.
-Кечиресиз карындашым. Кичипейилдикке саатты карап коё аласызбы? Ишиме шашылгандан, кол саатымды да, телефонумду да унутуптурмун.
-6:28 мүнөт өтүптүр. - деп үнүн дирилдете арааң жооп узатты.
-Ырахмат карындаш...
Бала Бактыгулдүн абалын байкады көрүнөт. Айтор жолду улап басып кетүүүгө диди барбады.
-Кечиресиз карындаш. Тынчыңызды дагы алып жатам. Байкашыма караганда абалыңыз дурус эместей... сизге жардам керек эмесби? Эгер керек болсо-оо... тартынбай айта бериңиз.
Бактыгүл болсо "жок" дегендей кылып, башын ары-бери жаңсап кете берди. Бирок ага чын эле жардам керек болчу. Бейтааныш жигит болгондуктанбы, айтор жардам керек дей алган жок. Себеби анын тартынчаактык мүнөзү бар эле. Ошол себептен абалынын оордугуна карабай жолун улай берди.
Бактыгүл жарык дүйнөгө келгенде аны ата-энеси "бакыт таалайлуу" кыз болсун, деп атын Бактыгүл коюшкан. Кызы беш жашка келгиче башка балалуу болушпаган ата-эне, эки ажырым жолго түшүшкөн. Андан кийин Бактыгүлдүн апасы бөлөккө турмушка чыгып, кыз тай энесинин колунда өсөт. Мектепте мыкты окуучулардын катарын толуктап жакшы окуйт. Өзү да зирек, ай чырайлуу келишимдүү кыз болуп чоңойот. Бактыгүл он үч жашка келгенде, тай энеси каза болот. Ошол себептен кыз мектептен 9-класска чейин эле билип алып, тагасы менен тажеңеси шаарга окутам деп алып кеттишет. Шаарда кызды кандай жашоо күтүп турат, ал белгисиз.
Бактыгүл тагасынын үй-бүлөсүнө жаңы мүчө болуп калды. Тагасы аны шаардагы колледждердин бирине окууга киргизип койгон. Бирок кыз шаарга анчейин көнүшө албады. Анткени шаардын турмушу ага жакшы тааныш эмес эле. Ошентип ага студенттик күндөр да башталды. Жаңы чөйрөдөн курбу-курдаштарды да тапты. Бирок, тилекке каршы тага тажеңесинин кичинекей балдарын карап атып, окуусуна бир күн барып, бир күн бара албай жатып, мугалимдеринен көп сөз угуп, айтор жарытып деле окуй алган жок. Кыздын турмуштук абалын түшүнгөндөй бир эжекеси аны очесление болойун деп жаткан жеринен зоорго алып калды. Ошентип биринчи курсту Бактыгүл арааң бүтүрдү. Бул бир жыл ичинде Бактыгүл не деген азап тозокту көрбөдү дейсиз. Тажеңесинен канча ирет токмок жеп, денеси көк-ала болуп жатып калган учурлар да көп кезигишер эле. Жетим кыз кимге арызданып, кимге качып барат дейсиз. Апасы бөлөк турмуш куруп кеткенден кийин кызы менен дээрлик байланышпайт. Эми анын бөлөк балдары, күйөөсү, айтор бөлөк үй бүлөсү бар болгондон соң кыз да апасынын мээриминен куру жалак калган. Атасынын болсо абалы кандай? Кай жерде эмне кылып жүрөт? Үй-бүлөсү барбы же жокбу? андан кабары жок.
Тагасына келсек ал жумушу менен командировкада жумалап жүрөт. Узаагы он күндө бир үйгө келет. Келсе да кызга жарытып сөз айтат дейсизби? Болгону эки күнгө келет да, анда дагы аялы менен урушканы урушкан. Айтор үйдө да көчөдө да кызга тынчтык жок. Жетимдик курсун... тирүүлөй жетим калгандан өткөн азап барбы бул дүйнөдө? Тагасы жумушка кайра кеткен соң, очеред Бактыгүлгө келет. Тажеңеси ачуусунун баарын кыздан чыгарып алат. Аны токмоктоп "сен жетим, үйүбүздөн берекени учурдуң, сен жок болгондо гана үйүмдө тынчтык болот, сени баары бир жоготом, жүзү кара жетим, сага чейин тынч эле жашап келгем, ке-еет кетип жого-оол үйүмдөн"- деп көп ирет акаарат кылып, денесин көк-ала кылып, түндөсү көчөгө айдап чыккан. Айласы кеткен кыз көп жолу таңды көчөдө атырган. Бара бара бул көрүнүш, уруш жаңжалдар ал үчүн, көнүмүш адатка айланып баратат. Кыз бул үй-бүлөгө келишинен мурда, тажеңеси айткандай үйдө тынчтык болгон болсо кана, бирок анда да ушул эле көрүнүш болуучу...
Сабырдуу, чыдамкай кыздын сабыры, бул жолу чегине жетти көрүнөт. Анткени мындан эки күн мурда, кыздын колун өзүнөн он жаш улуу, ичкиликтин айынан эки жолку аялын кетирген балага сурап келишти. Бактыгүл бул үйдөн кетсе эле үйдө тынчтык орноп, кут береке толуп калчуудай шашкалактап, күйөөсү менен кеңешпей туруп, тажеңеси жуучуларга ыраазычылыгын берди. Жаңы гана он алты, он жетиге толуп жаткан кыз күйөө, үй-бүлөө деги эле чоң турмуштун жолу кандай болоорун кайдан билсин...? Эки күндөн бери оозуна бир бүдүр оокат албай, күйөөгө чыкпайм деп туруп алган кызды тажеңеси, "күйөөгө чыкпасаң анда жого-оол, кет менин үйүмдөн...!" - деп түн жарымында көчөгө кууп чыккан.
Бактыгүл муздап калбоонун айласын таап, түнү менен тентиреп чыккан. Таң эртеден жолго чыккан кыз кайда бараарын деле билбейт. Эки күндөн бери оозуна оокат албагандыктан алы куруп, башы айланып зоорго бара жатат.
Жигит Бактыгүлдүн абалына айласы кетип же нары же бери баса албай аны күзөтүп турат. Жумушка шашып жатканы да эсинен чыкты көрүнөт. Эми башчысынан сөз угаары анык, бирок ою дале ошол бейтааныш коргоочусуз турган кызда. Ошентип арааң бара жаткан кыз бир убакта жерге сулп жыгылды. Жигит кыздын мына ушул абалга түшөөрүн сезгендей эле. Аңгыча жигит кызга жүгүрүп барып, жүрөгү согуп жатабы ошону билүүгө аракет жасап жатты. Бул убакта бири жумушка, бири окуусуна, бири башка дагы түрдүү жактарга жөнөт бара жаткан адамдар бар эле. Кээ бирлер экөөнү карап аң таң болушса, кээ бирлери жардам берүүгө аракет жасап жатты. Бир убакта жигит жардам берүүгө шашылган тегеректеп турган адамдарга, "тез жардам, тез жардам чакыргыла!" - деп кыйкырды. Беш мүнөттөй чамасында тез жардам келип, кыз менен жигитти алып кетти. Алар облустук ооруканага бат эле жетип, даарыгерлер кызды жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Бул учурда Бактыгүл өлүм менен алпурушуп жатты.
Муздак дубалдар... жигиттин оюу да бир жерде эмес. Ары бери басат бир жерге олтура албай, "Бул сулуунун аты ким болду экен? Эми эмне болот тирүү калабы же жокбу? Деги эле мунун мындай абалга түшүшүнө эмне себеп болду? ата-эне жакындарына кантип кабар берсем экен?"... деген суроолор аны тынч койбой жатты.
- Чоң жигит...
- Угуп жатам. Кы-Кы-ыз жакшыбы абалы кандай?
- Азырынча өзүнө келе элек. Сиз кыздын кими болосуз? Документтери жаныңыздабы? Ага эмне болду эле өзү? Мага аты фамилиясын айтып коюңузчу...
- Эже-е негизи ал кыз мага бейтааныш. Жумушка бара жатып жолдон кезигизип калдык. Абалы оор экендигин көрүп кыйыла албадым. Бир убакта кулап түшкөнүнөн тез жардамды чакырткам.
- Түшүнүктүү... демек сиз жакындарын да тааныбайт турбайсызбы. Анын жанында документтерин көрбөдүңүз беле?
- Жо-оок бирок азыр эстейинчи... а колунда телефону бар болчу. Биро-ок ал калып калган тура. Мен ме-ен азыр азы-ыр алып келе калам.
Жигит кыз эң башта жолуккан жайга ээлигип чуркап барды. Жашоодо жакшы адамдар да бар, телефонго эч ким тийбептир. Жакшы адамдар жолдун бир аз четине алып коюшкан экен. Жигит телефонду колуна аларда жанынан дагы бир бүктөлгөн баракты көрдү, аны ачып жазууларга назар салды. Аты жазылган бекен деп шашкалактап, барактын башы аягын карап жатты. Жазуунун аягында небереңиз Бактыгүл деп турган жазууну окуду. Анан жазуунун баш жагынан окуп баштады.
-"Тай эне эмнеге мени таштап кеттиңиз? Сизден бөлөк кимим бар эле? Кантем, өзүмдөн 10 жаш улуу кишиге кантип күйөөгө тием? Эми гана он жетиге толдумго..." - деп жазылган жазууларды окуду.
"Демек, сенин атың Бактыгүл экен да... биро-ок эмнеге? Эмнеге бактысыздардын катарын толуктап жүрөсүң? Мен ооба ме-е-ен сени бактылуу кылам эми." - деп жигит ооруканага көздөп кайра кетти. Аттиң бирок кеч калыптыр... Өмүр, тагдыр он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кызды алып кетти. Жигит ооруканага жеткенде кызды мортко алып кирип кетип жатышыптыр. - Бакты-гүүл! - деп кыйкырып жиберди жигит. Жигит дарыгерлерге жалынып жатып кызды мортко киргизбей алып калды.
Жума күн. Пешим намазында Бактыгүлдүн сөөгүп мечитке алып киришти. Жаназадан соң, жигит кызды жерге берди. Кыздын туугандары, тагасы мн тажеңеси бар экендигин билбеген эле. Анткени барактагы жазууда тай энесин гана жазган, ал эми тагалары жөнүндө жазылбаган эле.
Тагдырды кара... Жараткан баарын тактап койгон тура. Демек жер жүзүндө бай-кембагал, жетим-жерис деген нерсе жок экен. Жараткандын пенделери баарыбыз тегиз экенбиз. Жетимдин сөз жашы урдубу, айтор арадан 1 ай өткөн соң, тажеңесинин балдары бири-бири менен ойноп жатып бирөөсүнө бычак сайып алды. Баласынан ажыраган ата-эненин үйүнөн ошодон кийин чынында кут жоголду. Ал эми тагасынын аялы көп өтпөй, рак илдетине чалдыгып калыптыр...
(аягы)
Автор: Надира Токтобаева 28/04/19.9:37.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 37
Кээде гана анча мынча таттуусун
Бул турмуштун запкысына кабылсан
Куч топтогун аны женип отууго
Бечара кыз азаптуу турмушка кабылыптыр да, окуп журогум эзилди