Тагдыр айдап кай азапты тартпайын
Же кубанып , бар бакытка батпайын,
Медер тутуп издеп келем экоонду
Ысык-Колум, кагылайын Ак-Сайым.
Эсиндеби сенде калган балалык?
Жур издейли, алма бакка баралык!
Эгер тапсак балалыгым бакчадан
Жарым саатка бер беп сурап алалык.
Чыбык минип, ат чабышкан кезимди
Билээр белен сагынганым канчалык?..
Тыкан кийип, чачты ондоп таранып,
Каректерим уян козго кадалып,
Кыз жандаган бозой кезди сагынам
Создор бутпой тандар кетчу агарып...
Тундорундон ошол кезди издесем
Берээр белен бир тунумду кайтарып?..
Озгорупсун корбосом да аз убак,
Кенейипсин конуш кенип бапытап.
Издеп келсем айыл болуп кетиптир
Боз тектирчен биз ойноочу жашынмак
Тетээтиги Жанат достун уулу экен
Кой кайырган кашка тайын чапкылап.
Тагдыр айдап кай азапты тартпайын,
Же кубанып, бар бакытка батпайын,
Медер тутуп издеп келем экоонду
Ысык-Колум, кагылайын - Ак-Сайым.
Эсен болсом эмгегинди актаармын
Элин менен эсен болчу ардайым...
1996-жыл
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев