Умралык сапарга жол алдым. Аэропортто акыркы жолоочулар регистирациядан өтүп жатат. Бир саатан соң самолет учат. Регистрациядан өтүүнү тездеткиле деген үн угула баштады. Ушул убак Умрага жөнөө үчүн аксакал баласы менен келген болчу. Аксакал паспортун үйүндө унутуп калганын байкап калышты. Ошол жерде иштегендерге, үйү алыс, эки саат убакыт кетишин түшүндүргөнгө аракет кылып жатышты. Алар эч кандай жардам бере албаштарын, регистрация бүтүп жатканын, бир саатта самолет учушун айтышты. Айласы калбаган аксакал колун асманга чойуп, аэропортту башына кийип ыйлап, даттанганга түштү:
- Эй, Аллах! Бул эмне кылганың? Менин эсимден чыгыптыр, Сенин эсиңден чыкпайтко?! Мен карыган болсом, Сен карыбай тург