Предыдущая публикация
Айдын нуру,турду мага тигилип.
Уйкум качып,үмүт менен тиктеймин,
Сүйүүң менен,келчи деги ийилип.
Муздак шамал,саамайымдан сыладың,
Сезимиме бүлүк салып кыйнадың.
Сынган сезим бир өзүңдү күтүүдө,
Бир өмүрлүк, сен болчусуң чырагым.
Көңүл багым, келишиңди сагынып,
Күндү өткөрөм,таң сүрүлө агылып.
Кусалыгым ,күтө берем күн бою,
Көкүрөктө күйүт оту жагылып.
Мерездигим,кечире албай өткөндү,
Мезгилдердин эчендери өзгөрдү.
Мен барамын сүйрөп эски, тонумду,
Көктөм дүйнөм, бир жарк этип өчкөнбү.
Анара..Аскарова. 04.03.2020


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6