Калың журт кайгыланды каңсырады..
Катардан көтөрө албай пай дубалды,
Себебин бул укмуштун ким табат''деп
Ырчылар жар чакырды күгөө салды.
Бири айтты асыл таштан койгуң деди
Бири айтты ак боз бээ сойгуң деди
Асыл таш алтын менен койсо дагы
Токтобой дубал көчүп куулай берди...
Тартышты капаланып калк убара.
Ойлонуп табалбады көп улама
Мен чечем бул түйүндү''деп сүйлөдү
Жылаң бут ак сакалдуу бир карыя.
-Калп болбойт карыяңдын айткан кеби
Калайык акылыма көнсөң деди.
-түк өчпөйт бул дубалың кылым бою.
Тирүүлөй бир жигитти көмсөң деди.
Кайсы эр бул кызматка чыгар экен
Бул дубал эр канына кумар экен.
Деп ырдап бир топ ырчы эл айланып
Күн бою жар чакырды эчен-эчен-
Уктум да шашкан бойдон кел