Предыдущая публикация
Күлчү мага кайнайын арашандай,
Кайгы деле уялат жараша албай...
Кээ учурда берилип кеткенденби?
Сүйүүдөн да каламын талаша албай.
Күлчү мага жаркырап кабак чытпай,
Кусалыгым көөдөндө барат чыкпай.
Бүт көңүлдүн баарысын тартат эле,
Бир өзүңдөн башкага алаксытпай.
Сезимдерим кетчү эле күчтүү болуп,
Сенин күлкүң күлкүмө түрткү болуп.
Кызганычтан ууртуңа бүтүн өмүр,
Кетким келет мен өзүм күлкү болуп.
Көл-шал болуп сагынчына нөшөрдүн,
Көрүү үчүн талпындым да, көшөрдүм.
Күлчү мага, калп болсо да бир ирет,
Мен күлкүңдөн бакыт сезип өтөөрмүн.
Арген Болушов


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 26