Бүчүр белем, бүчүр белең сезимим,
Ачтырбадым кечирип кой, кечиргин.
Жаш окшоймун кыска болуп ойлорум,
Ишин кылдым билип турам кечилдин.
Тандым бирок, четтетүүдөн кечиктим,
Бүчүр байлап койгондон соң кесипмин.
Доо кетирген араң турган ойлорго,
Кечир мени, кечирип кой сезимим.
Алыс болуп аралыкты жерипмин,
Бекер эле өздүгүмдү керипмин.
Үлбүрөгөн жараатыңды байкабай,
Кайра дагы сага сокку берипмин.
Кышта жалың, жай күнүндө от болуп,
Жаш кезимде бекер сага келипмин.
Жадыраган гүлүң болуп ачылбай,
Бүчүр кезде шактарыңды кесипмин.
Бүдөмүк ой, бүлүнгөн сезимди деп,
Күнөөлүмүн сурайын кечиргин деп.
Бир жолду бир баспайбыз анысы чын,
Болгону сактабачы мен үчүн кек.
Жыл өттү алмашып бактарыбыз,
Сынбайттыр эми балким шактарыбыз.
Мендей эмес, мыктысы кезигиптир,
Гүлгө оролуп калыптыр шактарыңыз.
Андагы талкаланган бүчүр бакты,
Эстеген ойлор кайра эшик какты.
Гүлдөөгө даярданган багым бүгүн,
Сиз үчүн кайра баштан ырын жазды.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4