"Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт" деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү.
Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө.
Ал эми түрмөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк.
Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй- бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак-жай беребиз.
Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбо
Урматтуу кыргызстандыктар!
Туристтик сезон башталды. Күн өткөн сайын өлкөбүзгө, Ысык-Көлүбүз болобу, борбор калаабызгабы же башка аймагыбызгабы, айтор, Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөт. Ар кыл божомолдор боюнча да быйыл туристтердин агымы өзгөчө жогору болору күтүлүүдө. Туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы боло алат. Бул мамлекетке эле эмес, туристтерге кызматын көрсөтүп ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да каржылык пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан сиздерден чоң өтүнүч – өлкөгө келген ар бир туристке, ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду, жогорку маданиятыбызды көрсөтөлү. Алардын ар бири өз өлкөсүнө кайтканда Кыргы