Шейх Ибн Баз жана ууру бала
(болгон окуя)
Түндөрдүн биринде Шейх Ибн Бааз өз үйүндө намаз окуп жаткан болот. Бир кезде ал, тамдын үстүнө бирөө секирип киргенин угат. Шейхтин үйү борбор шаар Эр-Риядда жайгашкандыктан, ал убакта үйдү курчаган дубалдар жапыс болоор эле.
Шейх намазын аяктаган соң, балдарын чакырып, шектүү бир добуш эшиткенин айтат. Балдары сыртка чыгып, короону ары бери тинтишип, бир жаш баланы кармап келишет. Ал бала түн ичинде шейхтин үйүнө ууруга кирген экен. Өзү Пакистандан болгон жаш бала, белгилүү аалымдын үйүнө кирип, колго түшүп, “Полицияга береби же өзү биринчи жазалайбы?” деп, эми анын чечимин күтүп турду.
Шейх Ибн Баздын биринчи эле айткан сөзү: “Ашпозчу