"ЭМГЕГИН УНУТПАЙЛЫ "
Көтөрүп тогуз ай курсагына.
Төрөду, чонойтту, кучагында.
Алпештеп ак сутун берип багып
Тургузат балдарын буттарына.
Ооруусан, кошо ооруп сени менен.
Көзүнөн жашы аккан, ата энен.
Түшүрбөй колдорунан эркелетип.
Сүйүүсү тунук болчу сага деген.
Кайда гана барбасын, ээрчитишип.
Караанына жалынышып эзилишип.
Кийинтишти, ичинтишти керек болсо.
Өздөрү жебегенди жедиришип.
Кирпик көзүн ирмебей, укташпастан.
Сени карап, отурушчу сен уктасан.
Аман эсен чонойсо деп тилек кылып.
Адам болсун, ата наамын булгабаган.
Тажабай, толгон токой суроо берсең.
Ар бирине ээринбестен жообун берген.
Башыңдан сылап коюп эң мээримдүү.
Мамилени кылчуу сага ата энең.
Келеч