Кечээ Москвадагы кыргыз элчилиги кыргыз диаспорасы "Кыргыз биримдиги" коому, аксакалдар кеңеши тарабынан уюштурулган жыл жыйынтыктоочу кечеси болуп өттү. Маданият, спорт, медицина, агартуу, транспорт тармактарында бир жыл бою элге көрүнүктүү иштерди жасаган кайрымдуулук иштерине кол сунган активтүү кыргыз мекендештерибиз сыйлуу баракча менен сыйланып белек алып үйлөрүнө кубанып кетишти (арасында мен да бармын).
"Атын атаса куту сүйүнөт" - демекчи жасаган жумушуң бааланып көз жаздымда калбай атың аталып элге сыйы бар аттуу баштуу адамдардын колунан сыйланганыңын өзү эле алга карай дагы кадам таштооңо, чыгармачылыгыңды өркүндөөтүүгө дем берет эмеспи. Ошол активтүү таланттуу сыйга татыктуу адамдарды сыйлап куттуктоо сөзүн айтып белегин берип кубанткан Москвадагы элчиликке, "Кыргыз Биримдиги" коомуна, аксакалдар кеңешине, кыргыз диаспорасына ыраазычылык билдиргим келет. Сый баракчасы грамота менен сыйлап ал инсандардын мындан ары да жакшылык иштерди жасоосуна, дагы да кыргыз элине кызмат кылууга шыктандыргандарга "баракелде" дегим келди.
Сыйлык ээлери сыйлыгыңыздар кут болсун, мындан ары да талыкпай кыргыз үчүн кызмат кылуудан чарчабаңыздар!


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 17
Эл керегине жарап жакшы ийгиликтерге жете бер
Мындай сыйлыктардын дагы кообун алып Кыргыздын сыймыктуу кыздарынан болуп бактылуу, бакубат жашоодо кооп жаша!!!