Түштүк жергесинде, Кара-Суу районунда бир айтылуу жайлоодо, канча кылым экени, так эсеби жок, бирок муундан муунга айтылып келаткан кайгылуу окуяны, мен да бир жакшы таанышымдан угуп, элиме, окурмандарыма жеткирүү үчүн, сүйүүнүн бийиктигин даңазалап, айтылган анттын күчтүүлүгүн жазып, назарыңыздарды бургум келди. Бул чыгармада, эки жаштын сүйүүнү барктаган, ыйык тутуп, топуракка айланса да кыз, ашыгына болгон сүйүүсүн элге азыркыга чейин элеси менен даңазалап аян берип турушу, сүйүүнү оюнчук катары пайдаланышып, баркын- баасын кетирип булгап жүргөн адамдарга сабак болоор беле?- деген ойдо жаздым.
Анда эмесе бул окуяны, аягына чыга окуган окурмандарыма терең ыраазычылык билдирип кетем.
УРМАТЫМ МЕНЕН АВТОР!
ПОЭМА СИЗДЕРДИН НАЗАРЫҢЫЗДАРДА!
"КЫЗ МАЗАР"
Канча бир кылым мурун болуп өткөн,
Ошондон ушул күнгө келип жеткен.
Бай-манап күчкө кирип турган кезде,
Күйөөгө берген кызды, жашы он бештен.
Адигене бөрү уруусу жашап келген,
Жолчырак жайлоосунда жайлап жүргөн.
Уруудан Карыпбай бай -деп аталган,
Боору таш, мерез адам өмүр сүргөн.
Карыпбайдын кызы болот ай чырайлуу,
Шыңга бойлуу, кызыл жүздүү узун чачтуу.
Он бешке жаңы жашы толсо дагы,
Акылы айдай тунук, күндөй таптуу.
Айылдан, жигит сүйүп кызды жандап,
Сүйүүлөр башталыптыр жылдыз жандап.
Жаштыктын күчү экөөнү тынч алдырбай,
Эки жаш антташыптыр сөздү камдап.
Махабат эргүүсүндө термелишип,
Канат байлап, айга-күнгө сермелишип.
Капыстан кара булут чулгап калат,
Жүргөндө бир-бирине биригишип.
Кошуна жайлоодогу, бай Жыргалбай,
Курсагы салаңдаган түрү укмуштай.
Элүү жаш, эр ортонун сүрүп калган,
Жөн жүрбөйт элдер менен ал урушпай.
Зулум бай, көрүп калды бир күн кызды,
Кыялында, кучагына бекем кысты.
Колун сурап, кызынын Карыпбайдын,
Келүү үчүн, таң эрте туруп чыкты.
Карыпбай тосуп алды эшик ачып,
Жайнатып, досторконду жайып жазып.
Кулдук уруп, кыз сурап турган байга,
Макул болду, алдыртан карап жатып.
Жакшыга жанашат жакшы деген,
Илгертен салт болуп бизде келген.
"Кызыңды бергин "- деген сураганга,
Кор кылбай багасың- деп баамдап сезем.
Мал алгын, өрүшүң толо калыңга,
Пул берем толтура салып калтаңа.
Сыйлашкан, кайната күйөө бололу,
Эл менен келем бир жума өтүп айлыңа.
Жаш тайды союп, коногун кылып узатып,
Күйөө кетти, сөз бекип үйдөн узашып.
Он бешке чыккан жаш бийке ичи тызылдап,
Буурчактап акты, көзүнөн жашы куланып.
Атама теңдүү, картаңга кантип барамын,
Айласын тапсаң, анда эле ишке жарадың.
Качалы түнү, карагер атка учкашып,
Кетели алыс, айылдын көрбөй караанын.
Жигитке айтып,буркурап ыйлап турганы,
Бозойдун дагы, айласы кетип курганы.
" Бешенебизге эмнени жазса көрөөрбүз,"
Дешти да жөнөп, сооруга камчы урганы.
Жыргалбай кайтып, убада кылган сөзүнөн,
Тезирээк барып, кызды алууну көздөгөн.
Каргаша болуп,так ошол күнү келгени,
Келсе эле кыз жок, жан адам аны көрбөгөн.
Ызы-чуу түшүп, Карыпбай калды бүлүнүп,
Жан- жөкөр чуркап, туш- туштан издеп жүгүрүп.
Жыргалбай күйөө каарданып катуу сөз айтып,
Сындырды элге, кабагын карыш түшүрүп.
Ишенген жакын жигиттерин чакырып,
Карыпбай турду, буйрукту берип бакырып.
"Көрбөсүн көзүм, тирүүлөй мага келбесин,
Алып кел башын, жүрөккө таамай аттырып.
Артынан түшкөн куугунду көрүп эки жаш,
Тездете чапты, түшүндү бирок кутулбас.
Акылга салып, эр мүнөз сулуу деп айтты,
Арала арча, куугунга болгун тутулбас.
Тутулуп калып сабоо жеп кордук көрбөгүн,
Бөөдө өлүм болуп, сен дагы кошо өлбөгүн.
Атамды билем, мыкаачы таш боор экенин,
Тур жөнө, бол тез-деди да, өптү сүйгөнүн.
Жигит да сүйдү, жылдыздуу кыздын жүзүнөн,
Бет көздөй чуркап, арчага кирип сүңгүгөн.
Чапкылап атты, үзөңгү темип карматпай,
Кыз кетип барат, адашкан тайдай үйрүнөн.
Уландысы бар....
Автор: Ниязова Клара
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий бирикмесинин жетекчиси
Бишкек шаары
29.08.19 ж


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4