Баланын биринчи тиштери чыга баштаганда бул баланын өзү үчүн да, энеси үчүн да олуттуу сыноо болуп саналат. Айрым балдарда тиш чыгуу процесси тынбай чыргоолонуу, дене табы көтөрүлүү жана башка белгилер менен коштолсо, айрым балдар эч нерсе болбогондой жеңил көтөрүшөт. Эмнеси болсо да мындай учурда балага мээрим төгүп, анын оорусун жеңилдетүү, ага жардам берүү - эненин милдети.
Тиш - бала төрөлө элек кезинен эле пайда болот
Баланын тишинин өнүгүү процесси бала төрөлө элек кезинен эле, тактап айтканда, кош бойлуулуктун 6-8-жумаларында башталат. Алгач жыйырма сүт тиштин "уругу" пайда болот. Кийинчерээк түйүлдүк 20 жумалык болгондо туруктуу тиштердин "уругу" пайда болот. Алар сүт тиштердин түбүндө алардан тереңирээк жайгашат. Андыктан, баланын тишине кам көрүүнү болочок эне дал ушул учурлардан эле баштоого тийиш. Баланын тиши үчүн кальций эң зарыл. Ал эми кальцийдин булактары болуп быштак, сүт жана башка сүт азыктары, жашылча-жемиштер, балык, деңиз жандыктары эсептелинет. Кош бойлуу айымга күнүнө 1,5 грамм кальций талап кылынат.Баланын сүт тиштери качан чыга баштайт?
Орточо эсеп менен бала 6-8 ай болгондо сүт тиштери чыга баштайт. Бирок кээде биринчи тиштер бала 3 айында, же тескерисинче, 11 айында чыккан учурлар болот. Муну олуттуу маселеге айландыруунун кереги жок. Бул көп нерседен көз каранды. Мисалы, эненин организминен. Эне кош бойлуу кезинде организминде кальций жетиштүү болсо, баланын тиштери эртерээк чыгат.
Баланын салмагы да роль ойнойт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, толук балдарга караганда арыгыраак балдардын тиши эртерээк чыгат.
Тиш чыгуунун белгилери
Шишиген жана кызарган бүйлөлөр  - Балада колуна тийгендин баарын кемирип, манжаларын соргон адат пайда болот.
Шилекейинин ашыкча куюлушу  - Бул учурда баланын шилекей бези өтө активдүү иштей баштайт. Бул организмдин тиштин чыгышына кайтарган "жообу".
Дене табынын көтөрүлүшү  - Айрым учурда тиши чыгып жаткан баланын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Муну сасык тумоо менен алмаштырбоо керек.
Ооруну кантип басаңдатууга болот?
Тиш чыгуудагы ооруну канчалык аракет кылганыңыз менен да таптакыр токтотуп коё албайсыз. Бирок балаңыздын кыйналганын жеңилдетүү колуңуздан келет.
Тишке кам көрүү
Туура тамактандырса жана тишине туура кам көрсө, баланын тиштери тегиз жана бекем болот. Жана бул тууралуу бала төрөлгөндөн баштап эле ойлонуу керек.
Эмчек эмизген эненин рациону кальцийге, фторго жана А, С, Д витаминдерине бай азыктарга бай болууга тийиш.  Натуральный Алоэден жасалган коп турдуу витаминге бай "КИДС"  таблеткасын балдарыныздарга алып бериниздер! Кененирээк маалымат учун ватсаптан жазыныз тел: +996 (558)224228 ватсап


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2