Ревматизмди дарылоо.
* Капкагы жакшы жабылган шампандын шишесине 200 гр оливка майы+ 20 даана ачуу калемпир+ 200 гр таза керосин куюп, аябай жакшы аралаштырып да жылуу жерге коюп коёт.
Күнүнө бир маал катуу чайкап аралаштырып коёт.
10 күндөн кийин жатаарда,15 күн катары менен 2 бутка сүртүп жылуу носки кийип жатат. Күндүзү да жүн байпак кийип жүрөт.
15 күн эс алып дагы кайталайт ,3 курс жасаса болот.
* Этти такыр жебеш керек, мөмө жемиш көп жеш керек.
* 200 гр туз +100 гр горчичник +100 гр таза керосин аябай аралаштырып түнү сүртүп жатат .
15 күн сүртүп 10 күн эс алып 3 жолу кайталаш керек.
#Ташбү Жамиловна .
ОКУП ЖАНА БӨЛҮШҮҢҮЗ
Жүгөрүнүн чачысы - өттү тазалап,кандагы канттын деңгээлин түшүрөт, боор менен уйку бездин иштешин жакшыртат, арыктаганга жакшы каражат. Аппетитти төмөндөтөт.
Нерв системасын тынчтандырат.
Жүгөрүнүн чачысын ичкен убакта жеңил , мүнөздөп тамактануу керек.
Дайыма тамактан 30 мүнөттөн кийин ичүү керек.
Өт айдоо үчүн 200 гр кайнаган сууга 1 аш кашык жүгөрүнүн чачысын салып , демдеп ,тундуруп , сүзүп 1 күндө 4 жолу 1 чоң кашыктан 2 жума ичүү керек.
Боор, өт оорусуна , өт,заара айдаганга 2 чоң кашык жүгөрүнүн чачысын 200 гр стаканга салып, үстүнө кайнак суу куюп, эмаль идишке суу куюп,стаканды салып,капкагын жаап ,отко коюп,акырын жай отко 10-15 минута кайнатуу керек. Күнүнө 4 маал 1 чоң кашыкт