93-жылы беле айтоор азыркы Себат мектеби мурдагы республикалык мугалимдердин профилактикалык жана билимин өркүндөтүү борборуна жайгашты. СЕБАТтын чоңу Южель Бозкурт деген абдан мыкты инсан эле. Ошол мүдүр Себаттын ашканасына курмандыкка эсепсиз мал жана кой сойдуруп элге айрыкча студенттерге акысыз тараттырды. Аты-ысымы Майрамбек деген мырза жетектеп биз эки үч мугалимдер менен элди акысыз эт алууга үндөп жүрдүк. Курман айт боюнча элде түшүнүк жокко эсе эле. Мен студенттер жатаканаларына кыдыра баштадым. Көпчүлүгү тартынып келбей коюшту. Ошентип алгачкы масштабдуу Айт майрамына түшүнүк берүү жана соопчулук кече мыкты ак тилек менен өткөрүлдү. Мага ыраазычылык кол тамга Южель Бозкурттан жазылып белекке берилди. Андан кийинки жылдары ар кандай чет элдик фонддор, коомдор жана Ассамблея уюмдар түзүлүп мечит медреселери салына баштады. Ал кезде шаарда Бишкекте эки эски мечит бар окшойт эле. Анан Ислам институтун Илияз кары түздү. Медреселер ачылып Кувейт институту Чыгыш таану деп аталып шаарга ал тургай ар бир айылга мечит салынып теле каналдар сайрап гезит журналдар жайнап чыга баштады Нукура салттуу ислам дининин Курман айт майрамын элге жөө жүрүп маданиятын даңазалап оозеки айткандан чарчабаган Сүйүнбай дабдыр баардык момун мусулмандарды, азиз бурадарларды КУРМАН АЙТ майрамы менен куттуктайт. Мени фейктер же ашыкча фанаттар талкууга алып каргап шилемей жок. Өзүм 1 топтогу жаратканым сүйүп мээнет берген майыпмын. (Жүрөк астмасы, жан дүйнөсү 17 мээнет менен алышып жеңилбей сахар диабетти дос кылып жанар оту жанбай дүйнөнү сезимталдык интиуция менен туюп сезип келаткан бечараны тарых үчүн окуп койгулачы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3