Предыдущая публикация
Өтсө өтсүн ушул келген өмүрлөр,
Оорубасын жумшак назик көңүлдөр.
Көңүл деген жумшак назик гүл болот,
Болбосунчу эч убакта чөгүүлөр.
Баалай билсең көңүл деген гүл болот,
Нурун чачкан тийип турган күн болот.
Жаман айтып жүрөгүңдү оорутса,
Жүрүп жүрүп сапырылган күл болот.
Жакшы сүйлөп сыйлашалы дегеним,
Тилдин дагы бал тамызып шекерин.
Эй адамзат унутпастан билели,
Өмүрдөн да көңүл кымбат экенин.
Автор..УЛАН САЛИБАЕВ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 106
Аткан таңдын кутман күнүн көп көрүп,
Сак-саламат ырлар жаза бериңиз
Жашоодогу жамандыкты төңкөрүп.
Ырларыңызга сөз жок агай.Окурмандар атынан сизге:
Соолбос өмүр
Оорубас көңүл
Муңайбас күлкү
Бекем ден соолук каалаймын.
Даанышмандын создорду.калемин курчуй,чыгармалары даны да эл учун жарала берсин
Кипеп болуп ар бир уйдук китеп текчесинен орун ала берсин
Элдин кызматында элдин сыймыктуу акын уулу болуп журо бер
Талантын таазиим даанышманым