8. Абу Са'ид (разияллооху анху) риваят кылат: "Бир адам Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) га келди да айтты: "Оо, Аллахтын Элчиси! Мага насаат айтыныз". Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: "Тилинди сакта, жакшылыктан башка нерсеге жумшаба. Чындыгында, бул аркылуу сен шайтанды женесин". (Абу Я'ля, Мажма'уз завааид).
9. Абу Са'ид Худри (риваят кылат): "Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: "Адам ойгонгон маалда бут дене мучолору тилден суранышат: "Биз учун Аллахтан корк! Анткени биз сага коз карандыбыз. Эгер сен туз журсон биз да туз журобуз. Эгер сен кыйшайсан, биз да кыйшаябыз". (Тирмизи).
10. Абу Хурайра (разияллооху анху) риваят кылат: "Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) дан сурашты: "Адамдар эмнеси менен кобуроок бейишке кирет?" - деп. Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) "Такыбалыгы (Аллахтан корккондугу) жана жакшы мунозу менен" - деп жооп берди. Дагы: "Адамдар эмнеси менен кобуроок тозокко кирет?" - деп сурашты. Аллахтын Элчиси жооп берди: "Тили жана жыныстык мучосу менен". (Тирмизи).
11. Бара бин Ьазиб (разияллооху анху) риваят кылат: "Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) га бир бедуин келди да суранды: "Оо, Аллахтын Элчиси! Мага, мени бейишке киргизе турган амалдарды уйротунуз". Ал: "Кулду азат кылуу, карыздарды карызынан кутултуу, (саап ичкенге) мал беруу жана башка ушул сыяктуу иштерди айтты да, муну да кошумчалады: "Эгерде булардын баарын аткаруу колунан келбесе, анда тилинди сакта, жакшылыктан башкага жумшаба". (Байхаки).
12. Асвад бин Асрам (разияллооху анху) риваят кылат: "Ал Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) дан ага бир кенеш берип коюсун суранды. Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: "Колдорунду карма (башкага ыза жеткирбе)". Асвад (разияллооху анху) сурады: "Эгерде колдорумду кармай албасам, эмнени дагы кармасам болот?" Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: "Колдорунду жакшылыкка гана сун, тилин менен жакшылыкты гана суйло!" (Табарани, Мажма'уз завааид).
13. Аслам (рахматуллоохи алайхи) риваят кылат: "Умар бин Хаттаб (разияллооху анху) Абу Бакр (разияллооху анху) ну озунун тилин кармап, турганын коруп, сурады: "Сен эмне кылып жатасын? Оо, Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) дын халифи (орун басары)!" Ал жооп берди: "Чындыгында, бул менин жок болуума алып келуучу нерсе. Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) айткан: "Тилдин ачуулугу жана заары жонундо айтпаган бир да дене мучосу жок".(Байхаки).
14. Хузайфа (разияллооху анху) риваят кылат: "Чындыгында ал (Хузайфа (разияллооху анху) уйундогулор учун тили ачуу адам эле. Ал айтты: "Оо, Аллахтын Элчиси! Менин тилим мени тозокко алып кирет деп корком". Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: "Андай болсо сенин истигфарын канча? Чындыгында, мен Аллахтан кунуго жуз жолудан кечирим сурайм". (Муснад Ахмад).
📚 "ТИЛДИН КЕСЕПЕТИ" китебинен
🌿 ЫЙМАН НУРУ медиа порталы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев