*КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН АРЫЛАМ ДЕСЕҢ ДУБА КЫЛ*
Умар Абдиламит уулу
Дуба – бул руханий жана дене ооруларын айыктыруучу даары. Эгерде ыймандуу адам чын ыклас менен Аллахка дуба кылса, анда анын дубасы башына түшүүчү балээден коргойт же аны түшүрбөй кайтарып салат же болбосо жеңилдетип түшүрөт. Анткени дуба менен жамандыктан сактанып жакшылакка жетүүгө болот. Аны менен коргонуу үчүн Пайгамбар көргөзгөн жолдор менен дуба кылуу керек. Эгерде дуба Пайгамбар көргөзгөндөй шарттарын толук аткаруу менен болсо, анда кабыл болот. Ошондуктан дубанын кабыл болуусу же кабыл болбой калуусу дубанын же дуба кылуучунун абалына жараша болот. Тактап айтканда, ыйманы алсыз адам дуба кабыл болбой турган абалда дуба кы