Табигый косметиканы колдоно билиңиз. Бут, кол, бет, чач, моюн… Дегеле жалпы дене үчүн керектүү косметикалык каражаттарды сатып алууга дайыма эле каражат жетише бербейт. Мындайда сизге кадимки жашылчалар менен мөмө-жемиштер жардамга келерин унутпаңыз. Сабиз Одуракай болуп кесилген, түлөгөн, кургаган беттин терисин жылмакай, жумшак кылуу үчүн сабиздин жаңы сыгылган ширесин бетке сүртүү керек.Ушул эле сабиздин ширесине бир канча тамчы лимон ширесин аралаштырып туруп бетиңизге сүртсөңүз, сепкилдерди кетирет.Сабизди майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткону бетке жана моюнга жабуу керек. 15-20 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп, азыктандыруучу крем сүйкөп коюңуз. Бул кургаган, безетки ч