................... Биз жоолуктук.................
Көп жылдар бою жоолгабыз деп жүрүп
Жоолугушутук көп санааны жеп жүруп
Жолукканда бир сөзүмдү айтамын деп
Сени таптым көп элдерден издеп жүрүп
Күтүп жүрүп кее күндөрү таарыныштык
Кечириштик кайра биз жазылыштык
Биз туруктуу сезимдерди колго кармап
Бирге болуп сырлардан ачылыштык.
Кетирбей кармап алып колдорундан
Кетким келбей кирип алгам ойлорундан
Аттиң дүйнө эки башка тагдыр экен
Кала бердим айрылыш жолдорумдан.
Автор. Д. Э. К
....... Бирде жалган бирде чын.........
Өзүмдү өзүм кылдым билбей жүрүп
Ал жаштыктын өкүнүчүн сезбей жүрүп
Шамал менен тең жарышып алоолонуп
Жалган жашоо экенин көрбөй жүруп...
Өзүмдү өзүм салдым өкүнүч күйүттөрго
Таттуу кыял жеңил жашоо үмүттөргө
Барктабай да баалабай ал кездерди
Кошулалбай калган экем күлүктөрго...
Өзүмдү өзүм кылдым күлүп жүрүп
Жаштыктын жалынына күйүп жүрүп
Өткөрүпмүн өмүрдү шаттык менен
Бирде жалган бирде чын сүйлөп жүрүп.
Автор. Д. Э. К.
........ Бир сынгам.......
Асманга нечен күүлөнүп
канатым нечен кыркылган
Тулпардай чуркап баратып
туягым нечен жанчылган
Сапарда жургон досторум
Саткан кезде бир сынгам
Санаалаш болуп жүргөндө
Сайганда жүрөк бир сынгам
Жанымда жүрүп ошондо
Таш урганда бир сынгам
Түбөлүк досум сенсин деп
Түкүргөндө бир сынгам
Автор. Д.Э.К.
........... Караңгыга батканы сен..........
Сагыныч сезимдердин түпкүрүнөн
Таап алдым ойлорумдун түндөрүнөн
Жолугуу сапарында издеп жүрүп
Таба албай жол караган күндөрүмөн...
Сан ойлор жүрөгүмдү каарыткансып
Суусу жок какыр чөлдө бараткансып
Сезимдин кусалыгы жаш чыгарып
Сыгылып кеедэ барам ыйлагансып...
Мендеги кайгылардан арманы сен
Жүрөктөгү күйүттөрдүн калганы сен
Күүгүмдүн караңгыга айланганы
Ал күндүн түнгө айланып батканы сен.
Автор. Д. Э. К
.................. Жазды күтүп.........,..........
Жазды күтүп негедир сезимдерим
Кынылдап үн чыгарып эриндерим
Ашууларда калып кеткен жаштыгыма
Аттин деп көз чаптырып турган кезим.
Ал кезде укмуш сонун жаштык эле
Аппак тунук махабатка мастык эле
Билинбей мезгил алып кеткен экен
Унуткус кылып кеттип жазды неге.
Мен бүгүн ошол жазды эстеп турам
Сен дагы унутпайсың билип турам
Ал сезим жүрөктөрдө калган менен
Ээсин издеп келбейсиң сезип турам.
Автор. Д. Э. К.