Билбейм кайдан табылгансың сен мага, Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай. Сени сүйдүм буйрук алып тагдырга, Башкалардын миңи сага татыбай. Же атайы сен жаралып мен үчүн, Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң. А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн? Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң. Биз жолуктук куздун жумшак түнүндө, Ал түн мага сени эскерткич белектей. Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө, Мен көрүүгө сенин көзүң керектей. Уктаганда сенин уйкуң менде бар, Ойлоруң да ойлорума киришкен. Биз экөөбүз эки сандай барабар, Биз экөөбүз эки суудай бириккен.