Дагы жашашың керек эле го. Неге!? Агатайым, асыл адам элеңиз го. Жаткан жериңиз жайлуу болсун. Жаратканым билип -билбей кетирген күнөөлөрүңүздү кечирип, рахматына алган болсун . Айла жок , жакшы көргөн пендесин жаратканым эрте алып кетет дешет. Жакындарына , бир туугандарына терээң кайгыруу менен көңүл айтам...
Сүрөтүң калды сенин элес болуп,
Кусалык кайгы-капа ичке толуп .
Кырчындай солкулдаган сенин денең,
Кыйылган дарак сымал кетти соолуп.
Мүнөзүң күлүп жайнап шайыр жүрүп ,
Токтолдуң бир заматта өзгөрүлүп.
Көрсө сен сезип жүргөн турбайсыңбы,
Кетээриңди бизден такыр бөлүнүп.
Калабызбы заарлап ыйлап сизди таппай,
Азап-тозок , кайгы-муң ичке батпай.
А сен болсо тыптынч уктап кете бердиң,
Ата-энең, бир тууганың, бизди аябай.
Тынч уктаңыз , Агатайым.
Тынч уктаңыз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 25
Балким ушул айткан созум тогунсуз.
Бирок Бир боор конулумдун торундо.
Арманымда оюм сенден болунгус.
Адат болду куйут менен жашымай.
Эмнеге деп жообун журом эч таппай.
Бобогум ай жологум ай алтыным.
Журсон эмне арабызда шашылбай.