АВТОРУ МАМАТИСА АБДЫКАИМОВ.
КААДА - САЛТТЫ КАРМАЙЛЫ
Айтсам эгер сен кармаган диниңди,
Келтирбегин фанаттарым жиниңди.
Дин исламды кармаймын деп кыргыздар,
Арабдашып кеткендигин билинди.
Туу тутамын Кыргызымдын салттарын,
Теңебестен эч бир салтын башканын.
Кээде кетем, жаным кейип жанчылып,
Көргөнүмдө, Кыргыздардын араб болуп калганын.
Кийип алган Пакистандын көйнөгүн,
Көрүп жүрөм, сакалчандын көйрөңүн.
Сакалдары самсаланып май басып,
Таянышат, дават айтып бөйрөгүн.
Сакал койсоң, жөнү менен койсоңчу,
Таза кандуу кыргыздардан болсңочу.
Кагылайын, кыргызымдын жаштары,
Араб деген, фанаттыкты жойсоңчу.
Ата - баба окуп келген намазды,
Карабастан аят жазган кагазды.
Жакшы билген шариятты илгер