Садыр Жапаров керек десе жарым жанын садага чапты, өз улутунун,өз өлкөсүнүн келечеги үчүн.
А,эмнеге башка эр жигиттер ал кадамга бара албайт?
Мен тушүндүм ар бир кыргыз жараны качан гана жүрөгүнөн мекенин сүйүп,мекенчил болгондо гана биздин Кыргызстан чет өлкөлөрдөй гүлдөгөн мамлекетке айланарына... А, Садыр Жапаровко окшогон мекенчил инсандар аз экениндигинен пайдаланып бийлик кыргыздын кымбат баласын темир тор артында барымтага алып олтурат!
"Садыр Жапаров сыяктуу мекенчил кыргыз жигиттери,дегеле улут намысын бийик койгон кыргыз жигиттери барбы же жокбу(?),бар болсо гана алар, кайда жүрөт?"- деп өзүмө өзүм суроо салып, бирок келечектен үмүт үзбөй, алты (6) миллион калкымдын амандыгын тилеп,ошол алты (6) миллион кыргыздын ичинен тээ кылымдар мурун өткөн Манас атабыздай акылдуу баатыр чыгып,баткакка баткан мамлекетти,дүйнөнү түрө кыдырып мигрант болгон кыргызды чогултаар деп,ниетимди түздөп дуба кылам,ар кунумдун аткан танында...🤲
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1