Аялдарына кол көтөргөн эркектердин көбүнүн аталары алардын апаларына кол көтөргөн болуп чыгат...
Кол көтөргөн атанын баласы да чоңойгондо кол көтөрүп жатат...аталар өрнөктүү бололу.
Пайгамбарыбыз САВ аялдарына, жада калса кызматкерлерине да бир да жолу кол көтөргөн эмес....
Көп эркектер аялдарыбызды " ачуума тийбе, азыр талагыңды берип салам, бир жериңди сындырып койом"-деген сыяктуу коркутуулар менен жашайбыз. Аял күйөөсүнөн коркуп жашаса өзү да, балдары да бактылуу болбойт. Аял күйөөсүн сыйлап жашаса гана бактылуу болот жана акылдуу перзенттерди чоңойтот...
Аял сага баш ийгени үчүн келин болуп үйүңө келген. Аны башкаруунун ыгын билбей жатасың. Проблема аялыңда эмес, проблема сенде...аялыңдын жакшы жакка өзгөрүүсү үчүн алгач өзүң өзгөр. Бул маселе аялдарга да тиешелүү, албетте...
Мурда үй-бүлөлөр жокчулуктан улам гана ажырашкан, азыр болсо жокчулуктан же муктаждыктан эмес, илимсиздиктен, тарбиясыздыктан ажырашып жатышат. Ааламдагы ажырашуу динден алыстагандан улам болуп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө ажырашуу абдан көп. Алар да өз дининен алыстап кетишкен. Болбосо бардык динде үй-бүлөнүн ыйыктыгы эскертилет...
Эркектер сабырдуу, акылдуу, кечиримдүү, боорукер,, дипломат, стратегик жана романтик бололу.
Чыныгы сүйүү жана романтика тойдон кийин башталат. Махабаттын туу чокусун жетелешип жүргөн жаштардан эмес, жетелешип жүргөн кемпир-чалдардан сурагыла...бири-бирисиз тура албаган абышка-кемпирлердин кеңешин жана батаасын алалы. Бүгүн да мен жетелешип жүргөн абышка-кемпирдин жүгүн көтөрүп, батаасын алдым. Бизге да дал ошондой бактылуу карылык насип кылсын...
Идрис Айитбаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 45