Дүйнөдө бир да бала ыйлабасын,
Жаратканым оору берип кыйнабасын.
Балалыгы бактылуу күнгө оронуп,
Ата-энеден баланы айрыбасын.
Уурттары мээрим менен балга толсун,
Баардык үйдө бала үнү, күлкү болсун.
Сүйүү чачып, чекесинен сылап турган,
Ата-энеси эркелетип бирге болсун.
Жашоодо эч нерседен кем болбосун,
Жаркыраган келечекке кадам койсун.
Бул өмүрдүн маңызы, нуру болгон,
Ар бир жандын баласы аман болсун!
Энелердин балдары аман болсун!!!
Ардактуу айыл тургундары "1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү" майрамыңыздар менен.Бала деп согот жүрөгүм, бала деп жашап жүрөмүн демекчи ар бир үйдө балдардын шыңгыр күлкүсү жаңырсын.Балдарыңыздар бактылуу,таалайлуу келечеги кең, түбөлүгү түз болсун! Бар